Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Хиджабын чечип салган сулуу эми эмне болот?..

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Иран - Испания
Футбол. ЧМ-2018. Матч Иран - Испания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Учурда жогорку окуу жайларда мамлекеттик экзамен жана дипломдук иштерди тапшыруу өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан маал. Бир жыл бою окуганыңды кайрадан чогултуп мээңе киргизишиң керек. Айрым мугалимдер конспектиге талапты катуу коёт. Анан түнү менен уктабай жазып чыгасың. Негизи адамдан айла качып кутулбайт дейт. Казакстанда өткөн Бирдиктүү улуттук тестирлөөдө адаттан тыш шпаргалка табылды. Ал кадимки бөтөлкөнүн сыртына суунун курамы менен юридикалык дарегинин ордуна химиялык формулаларды жазып кириптир. Ал эми мектепти быйыл жаңы бүткөндөр Мирбек Сакеновго окшоп күрөң кунажынын багып жатса керек.

Азыркы тапта күндүн темасы болуп турган Футбол чемпионатына келсек, оюн күндөн-күнгө кызыгына батууда. Оюндун өзүн түз эфирден көрүп ким жеңип жатканын билип тургандырсыз. Бирок кыздардын жүрөк оорусуна айланган футболчу жигиттердин баарын бир жерден көрүү мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Анда келишимдүү футболчулардын сүрөт түрмөгүнө баш багыңыз

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Прилет сборной Германии
Футбол. ЧМ-2018. Прилет сборной Германии  - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Прилет сборной Германии

Ал арада футболго күйөрмандык кылган ирандык бийкеч хиджабын чечип, сулуулугу менен элди арбады. Аталган сүрөттү Ассошиэйтед Пресс агенттигинин фотографы тарткан. Ал Казандагы стадионго барып, күйөрмандык кылган. Ошол күнү Иран Испанияга каршы беттеш өткөргөн болчу. Жума башында Иранда футбол стадиондорунда кыз-келиндердин оюн көрүүсүнө тыюу салган чечим жокко чыгарылган. Бирок ага карабай, интернет колдонуучулар кыздын кичи мекенине кайтып баргандагы келечеги үчүн кооптонууда. 

© AP Photo / Frank AugsteinБолельщики сборной Ирана на чемпионате мира по футболу
Болельщики сборной Ирана на чемпионате мира по футболу - Sputnik Кыргызстан
Болельщики сборной Ирана на чемпионате мира по футболу

Эгер сиз футболго кызыкпасаңыз анын ышкыбоздору кыжырыңызды кайнатат. Бул футбол деген немеңер күндүзү болбойт экен. Кашайып түн бир оокумда башталат. Аны күтүп көзүн кызартып отурушат. Анан жөн эле көрө берсе мейли, өзү уктабаганы аз келгенсип жанындагыларга да уйку бербейт. Эми көзүң илингенде "Го-оол!" деп үйдү жаңырта кыйкырганда жиниң менен барып телевизордун экранын ачып, өзүн ошол оюн талаасына ыргытып ийгиң келет.

Кечке эле футбол дей бербей волейбол ойногонду да үйрөнүп алыңыз. Волейбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу мастер-класс көрсөтүп берди. Бул видеону көргөндөн кийин башыңыз Букарга, колуңуз Коконго жетип калат. 

Лирик акын Кыялбек Урмамбетов айылга кат жазып, пейили ааламдай кенен, камкордугу карт Ала-Тоодон да зор болгон чоң энеси Күмүшай туурасында айтып берди.

Ал эми легендага айланган ырчы Бек Борбиев маек берүү учурунда депутат болуу кыялын кыйытып, жеке жашоосун сериал сымал күзөткөн күйөрмандарына чечкиндүү пикирин билдирди. Баса, ал атасынын айтканынан чыкпай жүрсө мыкты футболчу болмок экен. Бирок футбол ойноо анын көңүлүнөн калган.

Аптанын алгачкы күнүнө алынган аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.00 (сатып алуу) жана 68.27 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Футболдун кызыктары али алдыда!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0