Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. 130 сом үчүн кызматтан кол жууган милиционер

Жазылуу
Кутман таң замандаш! Алдыда дем алыш күндөрү күндүн аптабынан качып тоого тарапка барып корголоңуз!

Журналистика тармагында иштесең зерикпейсиң. Күнүгө ар башка окуяларды көрөсүң, айрымдары жакаңды карматса, кээ бирине каткырасың. Адегенде эле депутаттар менен милиционерлер жылдыз болуп чыга калышат. Мындан сырткары, элден өзгөчөлөнө коюп жарк эткендер да бар. Алардын биринин тили буудай кууруса, экинчиси элде жок жоруктары менен көзгө көрүнөт. Аны өзүң чакырсаң мейли, "ушул боюнча менден интервью албайсыңбы?" деп өзү сага жазса эмне дээриңди билбей калат экенсиң. Ошо, кечээ дагы бир милиционердин жылдызы жанды.

Автоинспектор Бакыт Жукалаев Боом капчыгайындагы кафеден бир порция борщ алып ага өзү атайылап ыпыр-сыпыр салып, акчасын төлөбөй койду деп катуу талкууга алынды. Ал тамак болгону 130 сом эле турат экен. Мунун кесепетинен ага жаппы милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына, беделине көлөкө түшүрдү деген кине коюлуп иштен айдалды.

Ал эми ЖК төрагасы Дастан Жумабеков Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин кийинип келгенин сынга алды.

Депутат Карамат Орозова болсо вице-премьер Замирбек Аскаровду кызматтан алууну сунуштады. Эл өкүлүнүн билдиришинче ал өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, Кызыл-Кыя цемент заводун Ош облусуна таандык деп өкмөттүн токтомун чыгарттырган экен.

Соңку учурларда сойкулар тууралуу кеп көбүрөөк козголчу болду. Бирин кармадык десе, экинчиси интернет аркылуу төшөк кызматын көрсөткөнү айтылат. Акыры Улуттук статистика комитети Кыргызстандын экономикасынын көмүскө тарабын — сойкулардын жана маңзат сатуучулардын кирешесин эсептөөнү чечти. Кызык, алар күнүнө канча табат болду экен?..

КТРКда эмне болуп жатканын билбейсиңер! Футбол боюнча дүйнө чемпионатты түз эфирден баяндап жаткан КТРК спорт каналынын баяндамачыларынын ишине баа берилип да, ошол эле учурда сын пикирлер да айтылып жатат. Ошол каармандар менен Гүлдана Талантбекова маек курду.

© Sputnik / Табылды КадырбековКомментаторы КТРК Нурсултан Турусбеков и Азирет Абдраимов
Комментаторы КТРК Нурсултан Турусбеков и Азирет Абдраимов - Sputnik Кыргызстан
Комментаторы КТРК Нурсултан Турусбеков и Азирет Абдраимов

Дания менен Австралиянын футбол курама командалары тең чыкты.

Көп элдин салттуу оюну болуп, көбүнесе элдик майрамдарда, тойлордо өткөрүлгөн аркан тартыш оюну быйыл Көчмөндөр оюндарынын спорттук түрүнө кошулду. Аны кандай эреже менен ойношот?

Өлкө аймагына алынган аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.13 (сатып алуу) жана 68.36 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жылдызыңар жанбасын дебейм, бирок "атың чыкпаса жер өрттө" болбогулачы! Сураныч!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0