Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Акча, акча, акча... Дагы акча

Жазылуу
Азыркы заманда акча десе бардыгы жантыгынан жата калат. Анткени базар экономикасынын шартында акча деген нерсе бардыгынан ардактуу болуп калган сыяктуу.

Айтайын дегеним ошол акчаны кантип колдонуу керек, кантип карызга бериш керек, кайра кантип алыш керек дегенге байланыштуу эл арасында жазылбаган мыйзамдар бар. Мисалы караңгыда карыз бербейт дегенди баарыбыз эле билсек керек. Дагы кандай жазылбаган мыйзамдар менен түшүнүктөр бар экенин тизмектеп чыктык.

Акчаны туура сактай билүү да өзүнчө талантты талап кылат эмеспи. Бирок кээде катып койгон акчаны чычкан жеп кеткен учурлар да болот. Бул жолу Индияда банкоматтагы миллиондогон рупийди чычкан мойсоп кетиптир. Чычкандар банкоматты үй кылып алышкан окшойт, видеосун көргөндө такыр таң калбаңыз.

Ал ортодо Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты кызуусуна келди. 1/8 финалга чыкчулар аныкталууда. 20-июнда Португалия менен Марокко беттешип, Роналдунун жалгыз голу командасын жеңишке жеткирди. Ошондой эле Уругвай менен Сауд Аравиясынын курамалары беттешип, Суарестин дагы жападан жалгыз киргизген голу Уругвайды алдыга сууруп чыкты. Андан сырткары, Иран менен Испаниянын курама командалары беттешип, Испания 1:0 менен жеңишке жеткен.

Футбол боло берсин, бирок кыргызстандыктарды кабагы ачылбаган аба ырайы көбүрөөк бушайман кылууда. Андайдын да себеби бар, жай ортолоп калса да күн жакшылап ысыбай жатат. Чын, былтыркыдай ысыган жок. Кечкисин калың күрмөлөрдү чече элекпиз. Мына ошол калың күрмөңөрдү ушул жуманын аягына чейин сандыкка салбай тургула, күндүн көзү кийинки жумага чейин жакшы ачылбайт экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.16 (сатып алуу) жана 68.40 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Акча деп анын артынан чуркабай, акча сиздин артыңыздан таап барсын деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0