Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мага ким кызмат сунуштады?

Жазылуу
Негизи социалдык тармак чынында күчкө ээ. Айтайын дегеним, жазылган айрым билдирүүлөр дароо ээсине жетип, керек болсо кескин чаралар дагы колдонулуп кетет экен.

Биздин интернет колдонуучулар да аябай активдүү. Көбүбүз тээ алмусактан бери эле эркиндикти сүйүп, өз оюбузду так айтканга көнгөнбүз.

Мен Кыргызстанда социалдык тармак чынында күчкө ээ экенине чындап ынандым. Анткени өзүмдүн социалдык баракчама бакыйган эле маалымат агенттигинин кыргызча бөлүмү жоюлуп кетиптир, мындай окуя азыркы маалымат доорунда туура эмес кадам экенин айтып, тийиштүү жетекчилер менен башчылар муну көз жаздымда калтырбашы керектигин жазгам. Чынында бул билдирүүнү кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, намысына тийип же ордун тартып алайын деген ой менен жазган эмес элем. Бирок… бирок бир сааттын ичинде менин билдирүүм кызуу талкуу жаратып, телефонум мен уктаганга чейин тынган жок. Өз пикирин жазгандардын арасында ринг гана жетишпей жатканын жазгандар да болду.

Ошентип ак үйү, көк үйү, тааныштар, тааныш эместер, журналисттер, деги койчу кийинчерээк байланышпай калгандардан бери ал-абалымды сурап "сөөгүмдү агартышты". Аныңарга рахмат. "Кандайсың, ден соолугуң жакшыбы? Кандай иштеп жатасың?" деп сурагандын өзү эле канчалык кубаныч. Жакшы мамиледеги айрым кишилер "ошол жакты мелжеп жатасыңбы?" деп өз кызматын сунуштагандар да болду. Рахмат колдооңорго.

Күн бою иш менен алек болуп билдирүүмдүн алдында эмне деген пикирлер жазылып жатканына деле баам салган эмесмин. Иштен кийин отуруп карасам бири-бирибиздин кадыр-баркыбызга шек келтире турган билдирүүлөр толуп кетиптир. Ошол эле учурда эки жаат болуп бөлүнүп кетпейли, жүз карашпай калбайлы деген негиз менен ал билдирүүнү кечинде өчүрүп койдум. Бул аракетимди айрымдар кубаттасы, кээси "жөн койсоң болмок, чындыкты жаздың да" деген пикирлерин айтышты. Урматтуу достор, бардыгыңардын пикириңерди сыйлайм. Адамдык асыл сапаттар, мамиле бардыгынан бийик турушу керек деп ойлойм. Рахмат.

Ал ортодо биздин сайтка чыккан кызыктуу материалдарга бир көз салып коюңуз.

Отузчулардын каты деген эмне экенин билесизби? Кыргыздардын тагдырын чечкен каттын таржымалын кесиптешим Мирбек Сакенов иликтеп көрдү.

Жол кырсыктан каза болгон дүйнө сулуусу Сания Шакированын апасы кызы тууралуу агынан жарылып айтып берди.

Эгер чет жакта эмгектенип жүргөн эмгек мигранттары үйүнө акча салбай калса Кыргызстандагы турмуш кандай өзгөрөрүн адистер эсептеп көрүшкөн.

Ноокаттык жолчулар жол оңдоонун жаңы ыкмасын табышыптыр. Аң-чөнөктөгү суунун үстүнө кандай асфальт төшөө керектигин көрсөтүп беришкен. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.23 (сатып алуу) жана 68.48 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бир ууч элге эмес, бүтүндөй калкка кам көргөн жетекчилер болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0