Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Босогодо жаткан кемпир, аргасыз аттаган кыз...

Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, замандаш.

Бурадар кечээги күндүн маанилүү делген окуяларын эске салат. Алардын ичинде жылмайтканы да, муңайтканы да бар.

Маанай адатта, күндүн көзүнө карата да салмактанып же жарк эте калмайы бар эмеспи. Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, күн 28…30 градуска чыгат экен. Демек, бүгүн эки шаардын тургундары жаркылдамай бул жакта калсын, тердеп-тепчип иштейт экенбиз.

Баш көтөрбөй эле иштей бербей, айттын шарапаты менен үч күн эс ала турган болдук.

Иштеп, кылган эмгегиң талаага кеткенден ызалуу нерсе жок. Таласта талааларды сел каптаптыр, эгин-тегин менен төө буурчак отургузгандар кантти экен деп Асан кайгы болдук.

Тер төгүп, мээнет кылган дыйкан күйүнсө болот, ал эми буларга не дейбиз. Мен бала кезде апам кумурсканын да буту сынбасын дечү. Мындайлардын колун чакса, аздык кылса керек.

Ал эми төмөнкү окуяны укканда браконьерлер бул жакта калды. Жапайычылыктын чеги түгөнүп бараткан сыяктуу. Кыздар чет элдикке тийбеш керек деп көкүрөгүн көгөргүчө койгулаган эргулдар буга эмне дээр экен? Коңшу айылдыктарга да турмушка чыгууга тыюу салат го…

Жапайычылык демекчи, кара башыл адамды уурдап, кээде өлүмгө жеткирген учурлар бар экени Бурулайдын трагедиясынан кийин көптөрдүн мээсине жетти окшойт. Бул коомчулукту бир топ козголтту. Блогер, пиар адис жана продюсер Азим Азимов "Ала качуу" аттуу кыска метраждуу тасмасын тартуулады.

Ааламда эмне кеп? Сонун сүрөттөрдү бул жерден көрүңүз. Кайдыгер калбайсыз, ал тургай жылмайып аласыз.

Жылмайып демекчи, Трамптын куду кичинекей бала сымал, колун бооруна кайчылаштыра, отургучта Меркелди тикирейе тиктеп отурган сүрөтү дүйнө кезип кетти. Жөн эле эмес, шакаба, тамаша, калемпир-мурчу кошулган сөздөр менен кыдырып кетти. Ушунда-аай, бурадар! Аргасыздан жылмаясың.

© AP Photo / Jesco Denzel / German Federal GovernmentСаммит лидеров G7 в Квебеке
Саммит лидеров G7 в Квебеке - Sputnik Кыргызстан
Саммит лидеров G7 в Квебеке

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.19 (сатып алуу) жана 68.46 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.00 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Күнүңүз бейгам өтсүн, окурман.

Урматтоом менен, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0