Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Силерде да переходный возраст болду беле?

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль электронной музыки "Highland" в городе Чолпон-Ата
Фестиваль электронной музыки Highland в городе Чолпон-Ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күндү күлүп тосуп алалы!

Кечээ Бишкекте 16 жаштагы кыз апасы менен урушуп жатып, ызасына чыдабай энесин ичке сайганын окуп абдан жаман болдум. Кантип? Энеси 9 ай кыйналып көтөрсө, бапестеп бакса, окутса, бардык мээримин ага арнаса кантип сайып салды деп достор менен сүйлөшүп отурсак, бир досум "бул переходный возраст" деди. Анан менде да переходный возраст болду беле деп ойлонуп калдым. Аңгыча апам чалып калды, ал жайды, ден-соолукту сурашып отуруп, "апа, менде переходный возраст болду беле?" десем, "сен андай оору менен оруган жоксуң, балам" дейт.

Ата-энебизге ар дайым жакшы мамиле кылып, көңүлдөрүн орутпайлычы!

Эми кезекти кечээки маанилүү маалыматтарга көңүл буралы.

Кечээ Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен учуп барган президентибизди аэропорттон "Здравствуйте" деп тосуп алышты. Видеосуна көз салып коюңуз

ТЭЦ чуусу бул жылдын өтө чоң темасына айланды, ал ортодо ТЭЦке байланыштуу он аткаминер камака алыныптыр. Аларды тизмелеп чыктык.

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында "Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" аттуу флешмоб болуп өткөн. Ал флешмобго барган Бурулайдын жакындары нааразы болушту. 

© Sputnik / Табылды КадырбековФлешмоб против кражи невест и ранних браков в Бишкеке
Флешмоб против кражи невест и ранних браков в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Флешмоб против кражи невест и ранних браков в Бишкеке

Жакшы жаңылык. Белоруссиянын борбору Минск шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы парк пайда болду

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков камака алынгандан кийин анда декларациясында көргөзүлгөн эмне мал-мүлкү бар экенине көз салдык.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.33 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Көч бара-бара түзөлөт.

Аманчылык каалап, Бактияр Бердибеков

Жаңылыктар түрмөгү
0