Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. ТЭЦ чуусу кимдердин түбүнө жетээр экен?...

Жазылуу
Кудай баарыбызды бөөдө кырсыктан, жалган жалаадан, онтогон оорудан алыс кылсынчы.

5-июнда бир эмес мурдагы эки жетекчи камакка алынды. Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер Сапар Исаков менен Бажы кызматынын экс-жетекчиси Кубанычбек Кулматовду камакка алуу чечимин чыгарды.

ТЭЦтин айланасындагы ызы-чуунун эпкини менен Сапар Исаков тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынды.

Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Кытайдын ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталып, 28-июнга чейин камакка алынды.

Ал ортодо мурдагы энергетика министри, учурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев дагы камакка алынды. Башкы прокуратура Артыкбаевге Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун алкагында Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бишкекте мурдагы жетекчилерди камакка алуу менен ээлигип жүргөн кезде, кыргыз-тажик чек арасында жай тургандар менен тажик аскерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Тажикстандын куралданган 20га чукул жоокери Кыргызстандын аймагына кирип келип жай тургундундарга күч колдонгон. Мындай окуялардын улам кайталанышы айылдыктардын тынчын алууда. Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев окуя кандай болгонун төкпөй чачпай айтып берди.

Жакшы жаңылык. Бишкектик дарыгерлер бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасашты. Бул Кыргызстандын тарыхындагы биринчи ийгиликтүү операция. Оору аз болуп, эсен-соо жүрөлү.

Көмөкөй үндүү аткаруучулар Бишкекте. Алтайдан келген өнөр адамдары шаардыктар менен конокторго өз өнөрлөрүн тартуулоо үчүн Кыргызстанга келди. Өзгөчө таланттын ээлери журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, талантын тартуулашты. Улуттук аспапта кол ойноткон алтайлыктардын видеосуна көз салып коюңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.33 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бөрк ал десе баш алгандардан кудай сактасын деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0