Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Карыбайм" деп карылыкка жетпей калган сулуу...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018" наамынын ээси Сания Шакирова. Архив
Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018 наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Тирүүлүктүн өзү бакыт!

Өмүр өтүп жатат. Жөн отурган адамды азыр кездештирүү кыйын болуп калды. Баары эле шашып, иштеп, тытынып жүрөт. Биз жашоону пландап гана жашап калдык. Бирок ажал күтпөгөн, ойлобогон жерден келип калат турбайбы.

Кечээ Ысык-Көл облусунда "Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгынан көз жумду.

Ал кыз жаштайынан түйшүк тартып, 14 жашынан баштап сулуулук салондордо иштеп 17 жашында турмушка чыгыптыр. Үч баланын энеси болгондо күйөөсү менен эки жолго түшүп, түйшүктүн баары мойнуна артылган экен. Биздин агенттикке келип маек курганда Москвага барып белгилүү артисттер менен иштешип, Кыргызстандан үй, унаа алып, салон ачканын айтканы бар. Ошондой эле кабарчы "беш жылдан кийин сизди кандай калыпта көрөбүз" деп суроо салганда "эч качан карыбайм" деп жооп бериптир. Байкуш кыз, өлөрүн сезгендей тытынып балдарына баарын эртелеп даярдап, үй алып, салон ачып койгон тура. "Карыбайм" деп айтканда жапжаш бойдон бул дүйнө менен кош айтышарын сезген жок го… Ассоль Молдокматова да социалдык тармакка "жакында турмушка чыкмак, жигити колун сурап, Ысык-Көлгө алып кеткен" деп жазыптыр. Экинчи бакыт буюрган эмес тура… Аттиң!..

Шакирова кырсыктаган унаанын тамтыгы калбаптыр.

Namba Taxi компаниясынын операциялык директору Ксения Тимофеева Сания Шакирова түшүп бара жаткан автоунаа аталган компаниядан уурдалышы мүмкүн экендигин айтты.

Аптанын аягы ушинтип аянычтуу кабар менен аяктады.

Жекшемби күнү сайтыбызга кызыктуу маектер да чыкты. Анын бири кабарчы Бегимай Бакашеванын Нарында кафе ачкан кыздар менен интервьюсу болду. Кыздардын негизги максаты — Нарынды кызыксыз, келечеги жок деп эсептеген жаштарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, аларды мекенинде алып калуу экен. Эң сонун демилге, азамат кыздар экен! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып "Нарындын кыздары камчы салдырбайт эмеспи" деп мактана кетейинчи.

Кайрымдуулук иштер менен алектенип жардамга муктаж 20дай энени үйлүү кылган Азамат Байматовдун маегин да окуп коюңуздар. Айтып берген окуяларын укканда көзгө жаш айланып, апалардын кадырын дагы бир жолу биле түшөсүңөр.

Жайдын башталышы негедир салкын. Бирок синоптиктер күн эртеңден баштап кайра ысый тургандыгын айтышты. Божомолдой бербей бир жумага карата аба ырайын бир карап койгула.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.30 (сатып алуу) жана 68.53 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, ал эми дизель майы 44.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бөөдө кырсыктан тыш бололу!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0