Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мен өзүмдү кайсы учурда акмак сезем

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтында бараткан кыз. Архив
Ала-Тоо аянтында бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, достор!

Бир дагы чет тилин билбестигим акыркы убактарда аябай  бушайман кылчу болду. Өткөндө көп жылдан бери Испанияда иштеп жүргөн кыргызстандык кыз менен маектешип жатып "канча тил билесиз?" десем, “кыйратып деле көп тил билбейм. Кыргызча, орусча, англисче, испанча, анан түркчө” дейт. Ошондо өзүмдү кандай сезгенимди сурабагыла. Бир аз убакытка ички гармониям жоголуп кетти окшойт.

Атайын курска барып, англис тилин үйрөнүп алууга бир кезде каражат жетчү эмес, андан кийин убакыт жок дей баштадым. Азыр эми өзүмө-өзүм актанууга шылтоо дагы калбай калды. Анткени бир кезде балам чоңоюп, "бул эмне?" деп англисче бир нерсени сураганга чейин үйрөнүп алам дечүмүн. Бирок энеси чыгынгыча баласы чоңоюп, 10-15 күн мурда англис тилиндеги бир сөздүн маанисин сурады. Дагы жакшы, атасы жанында болуп калып түшүндүрүп берип, мени оңтойсуз абалдан чыгарып кетти.

Кээде "тил үйрөнүүгө дагы шык керек экен, мага ошол нерсе берилбесе керек" деп өзүмдү-өзүм жооткотуп коем. Өткөндө бир кесиптешим менен сүйлөшүп калып, ал менин ушул оюмду “тастыктап” берди.

Ал башка ЖМКда иштейт, эл аралдык долбоорлорго аралашып, чет өлкөлөргө байма-бай каттап жүргөн тың жигит. Кыскасы аны карап туруп, кыргызча менен орусчадан башка тил билбейт деп такыр ойлобойсуң. Жакында эле мындай окуяга туш болуптур. Эл аралык деңгээлде иштеген, кадырлуу ЖМКлардын бири Борбор Азия өлөкөрүнөн жаш журналисттерди жумушка алабыз деп сынак жарыялашыптыр. Жумуш берүүчүлөр анын резюмесин жактырып, жолугушууга Москва шаарына чакырышат. Орус тилинде болгон маектешүү маалында тигилер кумдун арасынан бриллиант таап алгансып кубанып, кесиптешимди жумушка алууга даяр болуп калышат. Бирок ушунчалык идеалдуу картинаны “англисчеден башка канча чет тил билесиз?” деген суроо талкалап кетиптир. Анын тил билбестигин уккан тарап “телефон номериңизди алып калдык, керек болсоңуз байланышабыз” деп жылуу-жумшак узатып коюшуптур.

Бул окуяны уккандан кийин мен жалгыз эмес экеним деп өзүмдү-өзүм алаксытып койгом, бирок…

Тил билбестигимен этектен тартып турганын көргөндө өзүмдү колунан эч нерсе келбеген акмактай сезем. Бирок бул менин көйгөйүм, окуман. Сиз ага баш оорутпаңыз.

Андан көрө сыртка чыгып, быйылкы жаздын акыркы күндөрүнөн ырахат алыңыз, бүгүн күн чайыттай ачык.

Кыйын кыз экен. Британиянын Sky Sports телеканалынын кабарчысы Хейли Мур түз эфир учурунда чуркап бараткан атты дароо токтотуп калыптыр. Тасмада көрүнүп тургандай, аттардын бири үстүндөгү чабандесин кулатып, журналистти көздөй чуркаган. Кабарчы кыз жылкыдан коркпостон, чылбырдан алып, аттын так туягынын тушуна кулап, токтотуп калат.

Бекмамат Осмоновду эскерүү. Кечээ, 24-май күнү, эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы күчтүү саясатчы жана коомдук ишмерлердин бири Бекмамат Осмоновдун көзү тирүү болгондо 72 жашка чыкмак. Саясатчынын туулган күнүнүн урматына Sputnik агенттиги ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Айдоочулардын эсине! Бишкекте ремонт иштери жүрүп жаткан 23 көчө жабылды. Кайсы көчө тарапка багыт албай эле коюу туура экенин кесиптештерим даярдаган картадан көрүп алыңыздар.

Жээнбековдун жарым жылы. Кечээ президент Сооронбай Жээнбековдун өлкө башына келгенине туура жарым жыл болду. Мындан улам жаңы бийликте кадрдык алмашуулар кандай болгонуна кызыгып көрдүк. Сиз да көз салып коюңуз.

Жайды утурлай жааган кар. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жайга бир жума калганда кар түшүп, чабандарды чоң чыгымга учуратты. Теңир тоолук бир чабандын 200 кою, көлдүк беш чабандын 100дөн ашык кою кар алдында калып мерт болду.

Жолдо сак болгула! Бүгүн Акыркы коңгуроо майрамы, бирок көпчүлүктүн элестетүүсүндө бул мурдагыдай сирень гүлү менен ак бантиктер эмес, көчөдө ата-энесинин унаасын зуулдата айдап бири-бири мене жарышкан бүтүрүүчүлөр. Мисалы, кечээ эле Бишкекте 11-класстын окуучулары айдап бара жаткан төрт унаа кагышты.

Ал эми дүйнө жүзү бул майрамды кандай белгилей турганын Кабыл Макешов даярдаган колумнистикадан окусаңыз болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.30 (сатып алуу) жана 68.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.50 сом, ал эми дизель майы 43.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бүгүн бүтчү нерсени эртеңкиге калтырбайлычы!

Жок деген бир тилди үйрөнө аларынан үмүтүн үзбөгөн Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0