Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жылына 200 кыргыз мигранттын баласы энесиз калат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Таң ырыскысы баарыбызга тегиз жетсин!

Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңге жетет. Ал эми бейрасмий маалыматтарга таянсак бир миллионго чукул. Алардын басымдуу бөлүгү Россияны байырлап келет.

Россиялык режиссер Сергей Дворцевой кыргызстандык мигрант кыздын оор тагдырын чагылдырып "Айка" деген тасмасы менен Канн фестивалына катышкан. Баса, анда башкы ролду казак актрисасы Самал Еслямова ойноп аталган фестивалдан аялдын мыкты ролу байгесин утуп алган. Бул тасманын жарыкка чыгышы айрым мекендештерди ызалантып, нааразы пикирлерди жазышты.

"Тасманын өзөгү эмнени түзөт, эмнеге кыргыз кызынын тагдыры баяндалып, аны казак актрисасы ойноду?" деген суроолорго жооп алуу үчүн Sputnik агенттигин кабарчысы тасманын режиссеру менен маектешти.

Режиссер мындан бир нече жыл мурда жүрөктүн үшүн алган сандарды уккандан кийин фильмдин сценарийин жазганга киришкен. Ал Москвада жылына эки жүзгө чукул кыргызстандык кыз-келиндер чүрпөсүнөн баш тартат деген маалымат алган. Маекти толугу менен бул жактан окуй аласыз

Мигрант болуп чет өлкөгө жумуш издеп кетпеш үчүн Кыргызстанда кандай адистиктерге ээ болуу керектигин билип алыңыз. Өлкөдө суроо-талап күч болуп жаткан кесиптердин рейтинги.

Ал эми саясий чөйрө баягыдай эле… Кечээ Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКда төрт саатка жакын суракка алынды. Ал мэр болуп турган кезде коррупциялык иштерге барган деп айыпталууда

Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаков "Кытайга ат тизгинин кургатпай каттап турган" деген маалыматты четке какты.

Айтмакчы, быйыл өлкөнүн биринчи адамдарынын бардыгы орозо кармап жатканы маалым болду. Ал эми министрлердин кимисинин оозу бек?.. 

Башка нерсе учурунда бүтпөй калышы мүмкүн, бирок ысык суу өз убагында өчөт. Ысык суу жокто мончо издеп кыйналбасын деп борбор калаадагы мончолордун дарегин, бааларын тизмектеп берүүнү эп көрдүк.

КамАЗ айдаган Путинден атаандашын чөгөлөткөн Жээнбековго чейин. Апта ичинде өлкөдө жана дүйнөдө орун алган урунттуу окуялардын сүрөт топтомуна назар салыңыз

© AFP / MOHAMMED ABEDПразднования начала месяца Рамадан в Палестине
Празднования начала месяца Рамадан в Палестине - Sputnik Кыргызстан
Празднования начала месяца Рамадан в Палестине

Аны көрүп бүткөндөн кийин социалдык тармактар болуп жаткан кызыктуу окуяларга баш багып коюңуз.

Сак болуңуз! 22-23-май күндөрү Нөшөрлөп жаан жаап, аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.35 (сатып алуу) жана 68.58 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.00 сом, ал эми дизель майы 43.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жамандыкты амандык жеңет!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0