Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ал сулуу үч баланын энеси экенин укканда...

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүФутбол. Отборочный матч ЧЕ-2017. Женщины. Россия - Венгрия
Футбол. Отборочный матч ЧЕ-2017. Женщины. Россия - Венгрия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Негизи эле социалдык тармактын колдонуучулары жөн жатпайбыз, ээ. Машинаны айтсаң капоттон, согушту сүйлөсөң окоптон башын чыгарга калышат. Кандайдыр бир нерсе көрсөк кыя өтпөй сайгыламай жайыбыз бар. Дегеним Рамазан айы башталаары менен тамаша-чын аралаш посттор жазылууда. Бири "эми "ифтардабыз" деген хэштег менен сүрөттөр жайнай баштайт" десе, экинчиси "жеген тамагыңарды жарнамалабай, кармаган орозоңорду милдет кылгансыбай жөн эле койгулачы" деп жазат. Арасында "ифтар" дебей "ооз ачуу" деп жазгыла деген уруш-талашы жок тынч өткөрүүгө чакыргандар болууда. Айрымдары "дени сак эле аттай жүргөн адамдын орозого келгенде саламаттыгы начарлап калган имиш, тигиндей-мындай шылтоону айтып койду" деп орозо кармабагандарды жемелегендей кылышууда. Айтарым, ким эмне дебесин, өзүбүз орозонун өзөгү эмнеде экенин билип, ниетти түз коюу менен амал кылалы!

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев да куттуктоо сөзүндө орозо — ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошорун белгилеген. Ошондой эле бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жасалган жакшылыктардын сообу ашыгы менен берилерин айтып өттү.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков сот болчулардын декларациясы менен адеп-ахлагын текшерүү керектигин билдирди.

Ошондой эле Энелер күнүнө карата быйыл 1354 аялга "Баатыр эне" ордени, 454 аялга "Эне даңкы" медалын берүү Жарлыгына кол койду.

Жогорку Кеңештин депуттары болсо Бишкек ТЭЦинин чуусу боюнча жыйын улантылды. Башталбай жатып Рыскелди Момбеков менен төрага Дастан Жумабеков кайым айтыша кетти. Кызуучулукта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси көтөрүлдү.

Калеми менен дүйнө элин багындырган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын көбү экрандаштырылган. "Эрте келген турналардагы" кара көз сулуу Мырзагүл, "Ак кемедеги" Нургазы же "Жамийла" тасмасында Сейит, түн жамынып согуштан качып келген Ысмайыл баарыбыздын эсибизде. Ошол каармандарды таап, азыр кандай болуп калганын салыштырдык.

Өзгөчө маек рубрикабызда коомдук ишмер Султан Раев НТС каналынын баш редактору Миржан Балыбаевден интервью алды. Анда кыргыз коомундагы сөз эркиндиги, дымып калган интеллигенция, дин жана ыйман, Айтматовдун чыгармасын билбеген журналисттер тууралуу сөз болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРаев Балыбаевден интервью алды. Айтматовду билбеген журналист, ыйманга аралашкан дин
Интервью драматурга Султана Раева и главного редактора НТС Миржана Балыбаева - Sputnik Кыргызстан
Раев Балыбаевден интервью алды. Айтматовду билбеген журналист, ыйманга аралашкан дин

Көрсөңүз таң каласыз. Кыргызстанда үч баланын энеси бойдок кыздарды артта калтырып "Футбол сулуусу — 2018" сынагын жеңип алды. Муну укканда оозум ачылган бойдон кала бердим. Ооба, чынында ал эле чырайлуу экен.

Бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлүүдө.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.37 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.00 сом, ал эми дизель майы 43.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ырыскыбыз кенен болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0