Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кармаган орозоңор кабыл болсун!

Жазылуу
Түндөн түгөл чыктыңызбы, мекендеш. Бүгүн жакшы учурдун башталышы, кармаган орозоңор кабыл болсун!

"Бурадар" кечээки күндүн картинасын сиздерге тизмектеп берип, окуяларды эске салат.

Кечээки күн эртең менентен Чубактын кунундай чубалган "ТЭЦ чырын" териштирүүдөн башталды. Парламентте УКМК өкүлү бул боюнча бир канча кылмыш иши козголгондугун айтты.

Бул чырдын арты менен бир катар эл өкүлдөрү базар аралап, баягы аттиштердин базар баасын билип кайтыптыр.

Ал эмоциялар аз келгенсип, борбор калаадагы "Орто-Сай" базарынан бомба изделип, кыйла эл кыжаалат болду.

Эмне эле болуп жатат дебеңиз, бирок кыргызстандык авиакомпаниянын учагы Москвадагы "Жуковский" аэропортунан жабыркады.

Унутуп бара жаткан окуянын уландысы. Милиция Ош шаарында үч жаштагы баласын депкир менен сабап өлтүргөн 24 жаштагы келин буга чейин сойкулук менен алектенип келгендигин айтты.

Мындай нерселер мезгилдин агымы менен тарыхтын бүктөмүндө калып кетет. Ал эми таберик ирмемдердин, таберик сүрөттөрдүн баасы мезгил өткөн сайын кымбат боло баштайт. Залкарларга бир көз чаптырып алыңыз. Согуш талаасындагы Сайра Кийизбаева менен Муса Баетовдун сүрөтү.

Залкарлар демекчи, Кыргыздын чыгаан акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 108 жыл мурда жарык дүйнөгө келиптир. Ал тууралуу Sputnik Кыргызстан кызыктуу фактыларды даярдады.

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда мусулмандардын бир тобу орозо кармап баштады. Ага карата Орозодо ооз бекиткендерге 10 "болбойт" даярдаганбыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.32 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.00 сом, ал эми дизель майы 43.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Айлардын төрөсү Рамазан кош келипсиң, бизге жакшылыктарды, тынчтыкты, жакшылыкты алып кел деп тилейбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0