21:32 19 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Бишкектеги жамгыр. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ырчы да силердей болобу...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
332 0 0

Дем алыш күндөр сиз ойлогондой өттү деп ишенем. Анан арабызда той-ашка барып чер жазып келгендер да болсо керек.

Той-аш демекчи, азыр андан тажагандар да, дегдеп күткөндөр да арбын. Ошондой тойлордо кээде ырчылар өлө жинге тиет да. Үнү жок болсо фонграмманы коюп алып, анысы аз келгенсип, үнүнүн болушунча айкырганда отурган ордуңан тура качасың. Ырчылар дагы кандай учурда кыжырды кайнатарын окуп, өзүңүздүн пикириңизди билдириңиз.

Ырчы демекчи, арасында жаш болсо да анча-мынча эл оозуна алынып калгандары да жок эмес. Жаш ырчылардын өзүнүн күйөрмандары бар. Эгер сиз Алмаз Шаадаевдин ырларын жакшы көрүп уксаңыз, маегине бир көз жүгүртүп коюңуз

Ишемби күнү Евровидение – 2018 кароо сынагы Португалиянын Лиссабон шаарында өтүп, Израилден келген Нетта өзүнүн "Оюнчук" (Toy) деген ыры менен башкалардан озуп өттү. Ии, баса, ырчы ырдап жатып тооктой болуп какылыктап да жиберет экен.

Эл арасында билинбеген таланттар менен балбандар көп. Андайларды сиз деле көргөнсүз, бирок маани берген эмессиз. Колу менен ташты бырчалай чаап, темирди пластилиндей ийлеген өзгөчө балбандарды санап чыктык. Сиз дагы биз байкабай калган, жазбай калган балбандарды билсеңиз кат жазып, телефон чалып коюңуз. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Муштуму менен таш талкалап, булбулча сайраган "Таш чабардын" өнөрү

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.38 (сатып алуу) жана 68.67 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 44.70 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.00 сом, ал эми дизель майы 43.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кулактын кумарын кандырган ырлар менен ырчылар кө-өөп болсун деп Расул Үсөналиев.

Белгилер:
той, ырчы, валюта, күйүүчү-майлоочу каражат, Бурадар, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ