Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Өзөндөгү сууну бүт ичип салган чиркейдин баяны

Жазылуу
Бүгүн Бурадарды жомок менен баштадык. Кутман таң, замандаш!

Илгери-илгери өткөн заманда, жер жаңы каймактап, суулар эми көбүрүп, тоолор жаңы торолгон кезде болгон окуя дешет. Тээ алыстагы Индостандын калың токойлорунда кылымдап айбанаттарга жан берип келе жаткан өзөндөгү жалгыз дарыянын суусу соолуп, катуу кургакчылык башталат. Баягы күү-шаа болуп аккан дарыя суусу таш сойлоп жылмыңдаган арыкка айланат. Жээги камыш баскан саз, андан ары шамал кумун сапырып ойногон чөл болот.

Жада калса токой падышасы арстандын бир чыны чай кайнатаар суусу калбай калганда айласы кетип, өзөн башына эмне болгонун текшерип, териштирип, күнөөлүүлөрдү камап, жазасын берүүгө карышкырды жөнөтөт.

Кылымда бир келген мындай чоң кылмыш иштин бетин ачуу карьерасындагы чоң өзгөрүүлөргө алып келерин сезген көкжал тергөө иштерине терин сүртүп шымалана кирет. Жанына жардамчы кылып түлкүнү алып, баягы кургап калган суу нугу менен эки күн, эки түн жүрөт.

Башына келсе ошол ойдуңдун бийи болгон өгүздүн дачасы турат. Көрсө, баягы кайран өгүз өзөндүн башын буруп, дачасына көлмө куруп, коноко керик, пилди, жада калса крокодилди чакырып, сууда чардап, тойлоп жатыптыр. Мындай мыйзам бузууну төрөлгөндөн бери көрбөгөн карышкыр токойдон ОМОН, чыр чыгып кетсе кереги тиет деп жанына ОБОН чакыртып, баягы эргулдарды толугу менен каматып, сууну ачтырат. Айбанаттар эми сууга жеттик деп сүйүнүп жатканда баягы карышкырга кыңыр күү чертип коңуз келет.

— Каке-классташ, экөөбүз бир партада чогуу отурдук эле, бир шпаргалкадан көчүрчү элек, эсиңиздеби? Сиз кечээ камап салган өгүз менин кудам болот, пил менен керик кудамдын курсташтары, баягы крокодил алардын айдоочусу, жандоочусу. Эми бир керекке жарап ошолорду бошотуңуз. Аларда күнөө деле жок, өзөндү ошол сууда жашаган Балык мырза ичип кургатты. Так ошону кармаш керек деп, — ала келген коньягы менен конфетин ачып, акырын конвертти сунат.

Карышкыр кантмек эле, баягы балыкты үч литрлик банкага соттун чечими менен үч айга "тергөө иштери бүткөнчө" деп каматат. Мына эми накта кылмышкерди кармадык деп айбанаттар сүйүнүп жатканда баягы карышкырга бал үндүү күү чертип доңуз келет.

— Ай, Каке-курсташ, как дела? Экөөбүз бир студенттик общягада жашадык эле, бир кастрюлдан "питание" кылчубуз, эсиңиздеби? Сиз кечээ банкага салып койгон балык менин жакын кошунам болот. Жакынараак "не бывает". Эми бир керекке жарап ошону бошотуңуз. Анда күнөө деле жок, адвокаты да күчтүү. Өзөндү ал эмес, ошол сууну балырлап сазга айланткан Бака байкебиз жок кылды. Так ошону кармаш керек, — деп ала келген дасторконун жайып, дипломатын сунат.

Карышкыр кантмек эле, баягы эле үч литрлик банкага баягы эле соттор менен кеңешип, алардын чечими менен үч айга "тергөө иштери бүткөнчө" деп баканы каматат. Мына эми негизги кылмышкерди кармадык деп айбанаттар сүйүнүп жатканда, баягы карышкырга таңкылдак күү чертип тоту куш келет.

— Ай, Каке-аяш, кандайсыз? Сиздин келинчегиңиздин жакын курдашы болом, бир сулуулук салонунан тырмак боёчу элек, эсиңиздеби? Сиз кечээ банкага салып койгон бака биздин подружкабыздын эри. Эми бир керекке жарап ошону бошотуңуз. Анда күнөө деле жок. Өзөндү ал эмес, ошол сазга айланганда камышка кабат-кабат үй салып чыйылдап бийлетип биздин каныбызды соргон чиркей жок кылды. Так ошону камаш керек, — деп ала келген таттуусун ачып, тарелкада боорсок аралашкан тыйын сунат.

Көкжал байкуш кантмек эле, үч литрлик банкадан баканы бошотуп, баягы эле соттун чечими менен "катуу кылмыш кылган" деп чиркейди каматат. Камыштын ичине кабат-кабат салган үйлөрүнүн жарымын өзү алып, жарымын конфискация кылат. Мына эми айбанаттар жыргап жашап калат.

Өзөндөгү суу кайра дарыя болуп акты дейсизби? Анысын ким билет, кылмышкер камалды да, ошол жетет.

Ии, айтмакчы, өгүз өзөндү буруп көлмө курганда кийип иштешкен көлөчтү көп акчага көбүрмө тендер менен алдырган коён аман-соомдо деп коңшу токойго качып кеткен. Анын артынан зуулдап чымын да кеткен, анын эмне кылганын билбейт экенбиз.

Жомок бүттү, эми жаңылыктар:

ТЭЦтин тегерегинде болуп жаткан ызы-чууну баамдай десеңиз биздин атайын баракчаны акмалап туруңуз.

Кыргызстанда "Музейдеги түн" акциясы өтөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучу Чолпон Тентиева кабарлады.

Кечээ күнү актер, режиссер, төкмө акын, обончу, дастанчы Орозбек Кутманалиевдин туулган күнү. Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 86 жашка толмок. Залкар инсандын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды тизмектеп чыктык. 

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, иш козгоо сунушун айтты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.42 (сатып алуу) жана 68.72 (сатуу) сомду түздү.

Аманчылык каалап, Эрнис Темиркан.

Жаңылыктар түрмөгү
0