Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Таятабыздын никесиз туулган баласын күтүп...

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүГУСО "Шимский дом-интернат для престарелых и инвалидов"
ГУСО Шимский дом-интернат для престарелых и инвалидов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман!

Эртең Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы. Бул күн мурдагы Советтер Союзунда гана эмес, ошол кан майданга кылдай болсо дагы тиешеси бар дүйнөнүн ар бир жашоочусу үчүн маанилүү. Ар бир үй-бүлөнүн ага байланыштуу өз тарыхы, кубанычы жана муңу бар.

Биздин үй-бүлөдөн согушка чоң энемдин атасы катышып, дайынсыз жоголгон. 1943-жылы кара кагаз келген экен, бирок кайсы жерде каза болуп, кайда коюлганы айтылган эмес. Андыктан чоң энемдин үмүтү үзүлбөй, атасын күтө берчү. Байкем анын көңүлүн көтөрөйүн деп бир жолу тамашалап айтып койсо керек, айтор "таятабыздын Германияда никесиз төрөлгөн балдары" жөнүндө сөздөр биздин үйдө көнүмүш болуп калган.

"Таятам Германияга жетип, ошол жерден кайра кете албай калган. Немис аял алып, бала-чакалуу болгон. Азыр алар өздөрү чоң киши болду, жакында бир тууганын издеп келет. Бизге Германиядан жок дегенде бир Mercedes ала келсе экен деп" айта берчү. Ушул убакка чейин күлкүм келгени таятабыздын балдары эмнеге никесиз туулушу керек эле? Анан эмне үчүн Mercedes алып келиши керек? Эмнеси болсо дагы быйыл согуш аяктаганына 73 жыл өттү. Европалык туугандар эмес, бүгүн атасын күткөн чоң энебиздин өзү жок.

Жашоо болсо өз нугу менен уланып, эртең жеңиш күнү майрамдаганы турабыз. Ага карата борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө унаа кыймылы чектелет. Ушу тапта шаар милициясы дагы күчөтүлгөн режимге өттү.

Өкмөт башчы элге аралашып. Ал ортодо социалдык тармактардын колдонуучулары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына катардагы каттам менен учканын айтып чыгышты. Ал Жалал-Абад менен Ош облусуна иш сапар менен барып, "Жалал-Абад" аэропортунун жаңы аэровокзалынын ачылышына катышып, шаардагы №6 мектептин курулушун көрдү.

Солциалдык тармак дечекчи, интернет айдыңында баягы эле жашоо. Кабарчыбыз Эламан Карымшаков үйлөнүү тоюн тик учактын коштоосунда өткөргөн жаштардан баштап, чал-кемпирге айланган ырчы-чоорчуларга чейин тизмектеп чыкты.

Раатбекти эскерүү. 7-майда белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 49 жашын белгилемек. Даңазалуу балбанды эскерүү максатында Sputnik агенттиги анын жубайы Сайра Санатбаева менен маек курду

Путин тууралуу. Россиянын жаңы мөөнөткө шайланган президенти Владимир Путин кызматына киришти. Кечээ Кремлдин чоң сарайында инаугурация болуп, өлкө башчы элге кайрылды. Путин эми өлкөнү алты жыл башкарат.

Россия демекчи, ушул тапта Россияда Кыргызстандын ардактуу консулдарын көбөйтүү иш-чаралары жүрүп жатат. Анткени акыркы жылдары Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар укуктук жана документ даярдоо жаатында консулдук жардамга көбүрөөк муктаж боло баштады.

Сахнаны багынтып… Ал эми кыргызстандык Назгүл Алымкулова Россияда консулдун эмес, көрүүчүлөрдүн колдоосуна муктаж. Ал ТНТ каналындагы Comedy баттл шоусунун жарым финалына өттү.

Баса, бүгүн көчөгө чыгаарда эч нерседен кам санабаңыз, Кыргызстанда күн чайыттай ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.65 (сатып алуу) жана 68.75 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.00 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 44.70 сом, ал эми дизель майы 43.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Келе жаткан жеңиш майрамыбыз куттуу болсун!

Тынчтык каалап Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0