Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жигиттерге 40 талап коюп, так өтпөсө экен...

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОсень в Крыму
Осень в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Май айы майрамдарга бай, эртеңден тарта дагы эки күнгө эс алабыз!

Эл ичинде "кызга 40 үйдөн тыюу" деп айтылган сөзгө кошулам. Муну айылдагы 40 үйгө кыздарды киргизбей коюу эмес, бейчеки басуусуна чек коюу катары кабылдайм. Ал эми бой жүргөн аялдын өзүнө күйөө издеп ага 40 талап койгонуна алиге чейин таң калып бүтө албай турам. Эгер сиз позитивдүү, перспективдүү, өзүн жана башка адамдарды сүйгөн, бийик максаттарды койгон, алдыга умтулган, чыгармачыл, боюңуз 170 сантиметрден жогору, миллионер жана башка ушул сыяктуу көп өнөрдүн ээси болсоңуз, анда чамдаңыз. Ал сулуунун жүрөгү сизге ачык экенин жар салды. Бирок менин бир аз күмөнүм бар… Ушундай сапаттарга эгедер адам табылаар бекен? Чейрек кылымдай жашап андай жигиттерди көрбөптүрмүн. Ооба, түгөйүн таап бактылуу болсун дейличи… Бирок Ырысбай Абдыкадыровдун ырында жазылган "Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, мен ааламга, мен ааламга дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн жаралгам" болуп калбаса экен деп тынчсызданам.

Негизи эле сүйүүгө талап коюуну анча жактыра бербейм. Аны кокусунан күтпөгөн жерден кезиктирип калышың мүмкүн да. Кечээ Жеңиш аянтында жүздөгөн түгөйлөр 9-майдагы вальс флешмобуна даярданышты. Койкойгон жигиттин далысына колун коюп, ак көйнөк кийген бийкеч жагымдуу жылмайып бийлеп жатса сүйүүлөр жаралбай анан эмне… 

Тиги сулуу бир аз коё турса болмок экен. Анткени Кыргызстандыктар май айында анча үйлөнбөй турганы аныкталды. Кыргызстандагы үйлөнүү тойлор тууралуу фактылар менен таанышып алыңыз.

Төкмө акын, дастанчы, комузчу мыкты шакирттерди өстүргөн инсан Тууганбай Абдиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 81 жашка чыкмак. Ал "Махабат дастаны" тасмасында Раймалынын ролун ийине жеткире аткарган. Улуу инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз. 

"Ак кеме" тасмасынын башкы каарманы бакыраң көз, баео, кичинекей Нургазы эсиңиздеби? Азыр ал төрт баланын атасы, небере жыттап калган чагы. Нургазы Сыдыгалиев менен маек

Кыргызстандык рентгенохирург Руслан Шаршебаев башты ачпай мээге жасалган дүйнөдөгү 10 уникалдуу операцияга катышты. Негизи эле сүрүштүрүп келсек, тоону томкоргон кыргыздын кыйындарды чыга берет.

Кызматтан кол жууган Райым Матраимов беш айдан кийин "мыйзамсыз жумуштан бошотту" деп өкмөткө доо коюшу коомчулукту таң калтырды. Анын доосун карап жаткан судья Алмаз Калыбаев ким экенин билесизби? Ал буга чейин депутаттардын мандат чырын чечүү, президенттин ар намысын коргоо жана "Мен гей, мен мусулманмын" деген тасма боюнча өкүм чыгарган.

Алдыдагы дем алыш күндөргө карата аба ырайына көз чаптырыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.73 (сатып алуу) жана 69.01 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Амандыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0