Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Достуктун" бир капталы эңшерилип калды

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көздү ачып-жумгуча эле май айы кирип келди. Эс алуу ойдогудай өттү деп ишенем.

"Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018" сынагынын жеңүүчүсү үч баланын апасы, болгондо да Кыргызстандан десе ишенесизби? Көпчүлүктүн көңүлүн бурдурган Сания Шакирова жашоосунда болгон бардык өзгөрүүлөрдү айтып берди.

Көк бөрү боюнча Ош облусунун "Достук" командасынын күчтүү оюнчулары — Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор эми оюнга чыкпайт. Эмнеге андай болду? Себептери кандай? Мына ушул суроонун баарына бир туугандардын улуусу Байыш Ниязов жооп берди.

Шейшемби күнү Токмоктогу убактылуу кармоо жайынан качкан үч бала көп узабай ошол эле күнү шаардын четиндеги токойдон кармалды. Милициянын берген маалыматы боюнча өспүрүмдөрдүн бири адам өлтүрүүгө шектелген.

Фидель Кастро деген атты көбү эле билсе керек. Куба мамлекетин жарым кылым башкарган коменданттын атын балдарына берген кыргызстандыктар да жок эмес. Кыргызстандын жарандары балдарына дагы кандай кызыктуу аттарды бергенин бул жактан окуңуздар

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.64 (сатып алуу) жана 68.94 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Убакыт менен мүмкүнчүлүктү туура пайдаланалы деген тилек менен Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0