Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыздар арасында деле "атаман" бар болчу...

Жазылуу
Кутман таң! Нөшөрлүү жамгыр жүрөктөрдү да тазалай кетсин!

Кечээ Интернетке борбор калаадагы мектептердин биринде окуучу кыздардын мушташкан видеосу чыкты. Бишкек ШИИБ окуянын чоо-жайын айтып, кыздардын чыры эмнеден келип чыкканын түшүндүрдү

Мындай окуялар акыркы жылдары басаңдап калды эле. Болбосо алты-жети жыл мурда үрөй учурган, окуучу кыздардын мушташкан видеолору жайнап кетпеди беле. Биз деле мектепте окуп жүргөндө кыздар ичинде "атамандары" бар болчу. Мушташка кыйындары класстын ичинен эле чачташа кетчү. Жоошураак бир кызыбызды "өздөрүн эр ойлогон эки кыз" табарсыкка катуу тээп, тиги кыз турбай калганы эсимде. Ошол кезде телефон болсо тиги "кыйындар" эбак мектептен чыгарылып же интернет жылдызына айланмак болуш керек. Районго топ ойногону же предметтик олимпиадага барып калсак, ал жактын "атамандары" бизге салык салышчу. Баскетбол оюнунан биринчиликти алып кетсек, арданып автобусубузду да таш менен талкалап сала жаздашкан. Кыздардын мушташы чын эле балдардыкынан жаман. Чачтан алып, тырмак менен бет тытышып.. Эмнеси болсо да кыздарыбызга ыйман берсин дейли.

"Кызга кырк үйдөн тыюу" деген эл ичинде жакшы сөз бар. Эркек балага да, кызга да тарбия керек. Ата-энеси жакшы тарбиялаган балдар "уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат". Андыктан ата-бабалардан калган салттык жүрүм-турум эрежелерин да балдарга үйрөтүүнү унутпайлы. 

Мектепти кой, борбор калаада "смотрящийлер" болбошу керектигин Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов айтты.

Башкы прокурорлук кызматка жаңы келген Өткүрбек Жамшитов убагында аталган кызматта иштеген Мыктыбек Абдылдаевдей таза иштерин айтып, жемкорлук менен күрөшөрүн белгиледи.

Өлкө башчы Жээнбеков антты бузгандардын тагдыры кандай болорун ЖК жыйынында баса белгиледи. 

Үйдө "алма быш оозума түш" дебей жоктон бар кылып бир эмес эки жумушта иштеп, ал тургай үйдө отурган аялдарга жумуш берген Зиядат Абдылдабекова тууралуу материалды окуп коюңуздар

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.61 (сатып алуу) жана 68.86 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Аккан арыктан суу агат!

Ден-соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0