Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бали, жигиттер, желекти жерге калтырган жоксуңар!

Жазылуу
Кутман таң! Таң агарып, күндүн көзүн көрүп отурганыбызга шүгүр!

Кечээ жумуш аяктап, сыртка чыксам алай-дүлөй болгон шамал тосуп алды. Тарс-турс деген добуштар угулуп, жердин чаңы абага сапырылып көзгө кирет.  Ошондо эле дагы бир жерди кууратып кетпесе экен деп тынчсызданып койгом. Ооба, катуу шамал бирөөнүн көңүлүн карайбы адегенде эле өлкөнүн башкы желегин шыпырып түшүптүр. Бирок, кыргыздын шамдагай жигиттери желекти жерге түшүрө койгон жок. Учуруп кетти дегенче 20-30дай бала чогула калып жыйнап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Баракелде, жигиттер!

ӨКМдин билдиришинче, катуу шамал борбор калаадан сырткары Чүй, Талас облустарында болуп ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен.

Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары катуу шамалды сүрөт, видеого тартып алып, жарандарды сак болууга чакырып жатышты. Кырсыктын кесепеттери боюнча азырынча так маалымат жок. Тынччылык эле болсо экен!

Саясий чөйрөдө бош калган кызматка дайындоолор аягына чыга элек. Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду сунуштап, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы жактырып жүгүн парламентке каралмай болду.

Ара чолодо депутаттар ал буга чейин канча айлык алып иштеп жатканына кызыгышты. Көрсө бир облустун прокурору 30 миң сомдун тегерегинде айлык алат экен. Ишенесизби?

Башкы көзөмөл органын башкарууга аттанып жаткан Өткүрбек Жамшитов деген ким? Кесиптешим Бегимай Бакашева ал тууралуу 6 факты даярдады. Өзү күрөш менен машыгат, аялы педагог экен.

Ички саясат менен алышып отурганда Chaarat компаниясы "Кумтөрдү" сатып алууга кызыгып жатыптыр. Ай, бул жакка да көңүл буруп койсоңуздар. Кийин бармак тиштеп калбайлы…

Кеменгер дипломат эле… Көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаков төрт жыл мурда 24-апрелде дүйнө салган. Бул күнгө карата аны эскерип, сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайбыз.

Маданий жаңылыктардан айтсак, кыргызстандык модель Индиядагы сулуулук сынагына катышууда. Бул жерде анын сүрөттөрү да жайгашкан, алгач анын сулуулугуна сиз да баа берип көрүңүзчү.

Бүгүн өлкө аймагында жамгыр жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.47 (сатып алуу) жана 68.72 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Өлкөбүздө тынччылык болсун!

Амандыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0