Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Май майрамын зарыгып күткөндөр үчүн

Жазылуу
Ана-мына дегиче эле апрель аяктап, май баш бакты. Май айы майрамдарга бай болорун бардыгыбыз эле билсек керек. Мына ошол майрамдарда кандай эс ала турганыбыз баарыбызга кызык болууда.

Май майрамдарга жык толгону менен катары менен эки эле күн эс алабыз. Майдагы бир эс алуу күнү сентябрга которулду. Кантип деген суроо пайда болду окшойт, ээ? Жообу бул жакта.

Дүйнөдө эмне көп? Албетте кызыктар көп, болгондо да социалдык тармактагы кызыктар кө-өөп. Өткөн жумада интернет колдонуучуларынын көңүлүн буруп, айрымдарын кыраан күлкүгө салган сүрөт, видеолордун топтомун көрүп чер жазыңыз.

Өткөн аптада дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган окуяларды "Апта ирмеминен" карап алыңыз. Иранды кум аралаш бороон-чапкын каптады. Аны көрсөңүз кудум эле фантастикалык кино көргөндөй болосуз. Бир чети жүрөгүңүз түшсө, экинчи жагынан жаратылыштын күчүнө баа бересиз. 

© REUTERS / CHINA DAILYФольклорное представление в Панью, провинция Гуандун, Китай
Фольклорное представление в Панью, провинция Гуандун, Китай - Sputnik Кыргызстан
Фольклорное представление в Панью, провинция Гуандун, Китай

Ал ортодо ысыккөлдүктөр аты белгисиз жаныбардан улам өзүнө келе элек шекилдүү. Терисиндеги жүндөрү жыдып түшүп калган, башында көкүлү бар жаныбар машинанын алдында калып өлгөн. Аны таап алган жергиликтүү тургундар "бул эмне деген жаныбар" деп баштары катып турган учуру. Сиз да карап көрбөйсүзбү, өз оюңузду айтыңыз. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.41 (сатып алуу) жана 68.67 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Майда майрамдык маанай болсун Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0