Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Депутаттар маашырланып, Исаков ызаланып кала берди

© Фото / пресс-служба ЖК КРКандидат на пост премьер-министра Сапар Исаков
Кандидат на пост премьер-министра Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Амансыздарбы, бурадарлар жана өлкөнүн тагдырын чечип отурган депутаттар!

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары жумушка келери менен башканы жыйыштырып, өкмөттү кетирүүгө катуу киришти. Ал үчүн көп деле убакыт коротушкан жок. Баштагы топуну алгандай эле заматта Сапар Исаковдун өкмөтүн кетиришти. Акыркы чекитти президент Сооронбай Жээнбеков коёт, эмне болуп кетээр экен деп отурсак ал да парламентти колдоду.

Ал арада Сапар Исаков коштошуу сөзүн айтып алайын деген ниетте ЖК төрагасы Дастан Жумабековго кат жолдосо, жактырбай койду. Калыстык үчүн айтып коёюн, мындай нерсе адамгерчиликке да, салтыбызга да туура келбейт. Жадагалса, соттолуп жаткан адамга акыркы сөз берилет эмеспи.

Бирок Исаков кечинде телеканалдардын бирине барып айтчу сөзүн айтып алды. Ал парламенттин депутаттары саясий өлүккө айланып, дүйнөгө уят болгонун белгилеп өттү.

Мындан сырткары, отставкасын колдогон президентке "оор жүктү мойнуна алды, эми жоопкерчиликти өзүндө" деп кыйытып өттү. Ал эми мындан ары кайда барасыз, эмне менен алектенесиз деген суроо берилгенде саясаттан кетпей турганын билдирди.

Ошентип жаш өкмөттүн илгери үмүтү таш каап, кетип баратат. Анысы аз келгенсип Исаковго экс-премьер наамы берилбей, компенсация да каралбай турган болду.

Ал эми интернет колдонуучулардын айрымдары Сапар Исаковго убакыт берүү керек десе, дагы бири отставка кетирүү чечимин колдогон. Өзгөчө жаштар Исаковдун кетишин оор кабыл алды. Instagram тармагында #Оставьтесапараисакова деген хэштег менен нааразычылыгын билдиргендердин саны миңден ашкан. "Жаш жана жигердүү иштей турган кадр" эле деп ичи күйгөндөр арбын. Ооба, өкмөттүн отставкасына кубанып тургандар да жок эмес. Медалдын эки жагы болот эмеспи.

Кыргызстандын тарыхында 1991-жылдан тарта өкмөттү 21 премьер-министр жетектеди. Алардын арасында эки ирет өкмөт башчылык тизгинди кармагандар болгон. Алар азыр кайда эмне менен алектенип жүргөнүнө кызыгып жатсаңыз, бул жактан окуңуз

Кеткени кетет, тиричилик уланат болуп кечээ дароо эле премьерликке Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин көрсөтүштү. Азыркы учурда ЖК карап жатат.

Ата-энеси, балдары жана жубайы… Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты менен таанышып алыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.59 (сатып алуу) жана 68.88 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ээми эгемен тарыхтагы кезектеги премьер-министри жакшы иштесин!

Амандыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0