Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ш, Б баатырлар. Көөдөн ушунча сокурбу

© Sputnik / Табылды КадырбековТаблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке
Таблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 17-апрель, парламентте катуу талкуу болуп, өкмөттүн отчетун оппозициялык үч фракция — "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары сегиз саат укту.

Сапар Исаков башында турган өкмөт мүчөлөрү 17-апрелде парламенттин жалпы жыйындар залында саат 11:00дөн тарта бир сааттык танапис менен кечки саат сегизге чейин депутаттардын түркүн-түстүү суроолоруна жооп берди.

Депутаттардын суроо бериши үчүн үч мүнөт белгиленгени менен эл өкүлдөрү өкмөттүн мынча кеңири курамы чогулушу кыйын деген жүйө менен үч мүнөттөн 10-15 мүнөткө чейин суроолорду, айрым учурда кайталанган эле суроолорду биринен сала бири узатып жатты. Ошентип жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн 2017-жылда жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Добуш берүү учурунда эки депутат — Сайдулла Нышанов менен Руслан Казакбаев фракциялардын мындай чечими менен макул эместигин билдиришти.

Жыйындын соңунда сөз алган премьер-министр Сапар Исаков депутаттарга ыраазычылык билдирип, өлкө бийлиги чыныгы демократиянын жолу менен бара жатканын айтып, берилген суроолордон улам мындан ары айына бир сааттан оппозициялык фракциялар менен жолугуп туруу керектигин айтты.

Элестетсеңиз, маршрутка толтура эл. Анан эле сиз "Ш баатыр" көчөсүнөн токтотуп коюңузчу деп жатасыз… Кыскасы Бишкектеги Шабдан баатыр менен Байтик баатыр бир заматта Ш менен Б болуп калды. Маңкурттуктун да, наадандыктын да чеги болот да. Атымды Расул деп толук атабай, "урматтуу Р" деп жатса кандай болмокмун… Ок, мээң менен!!! 

© Sputnik / Табылды КадырбековТаблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке
Таблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Таблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке

Жаштардын бокс боюнча мелдеши өткөн жайдын видеосу катуу талкууга алынды. Анткени эч кандай шарты жок, жайдак жер социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратты. 

Парктын тротуары менен зуулдап бараткан маршрутканы көрсөңүз эмне кылат элеңиз? Жинденисизби, же жөн гана кол шилтеп басып кетесизби? Эгер эки анжы болуп оюңуз бир жерге топтолбой жатса, бул видеону көрүп анын жыйынтык чыгарсаңыз болот

СССР учурунда тартылган тасмалардагы каармандар азыр кандай жүрөт, эмне менен алектенет деп кызыктыңыз беле? Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Жамийла" тасмасын көбү эле билсе керек. Мына ошондо Сейиттин ролун аткарган кара тору бала азыр 65ке чыкты. "Сейит" тасма тартылып жатканда 15 жашта болчу. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.64 (сатып алуу) жана 68.94 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Атын атасы куту сүйүнөт, ала кушту атынан атайлы!

Жаңылыктар түрмөгү
0