Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жээнбеков Бельгияда, Атамбаев Кытайда. Эмне кеп?

Жазылуу
Түндөн түгөл чыктыңызбы, ардактуу мекендеш?

Бүгүнкү күн ийгиликтүү өтүшүн каалап, кечээги күндүн окуяларын тизмектеген бурадарды сунуштайбыз.

Учурда өлкөдөгү саясий имиштер, экс менен азыркы президенттин ортосундагы тымызын тирешүү тууралуу буту менен басып мурду менен тынгандын баары "аналитик" болуп кеп кылууда. Коопсуздук кызматтын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин иштен алынышы, баш прокурор айым Индира Жолдубаеванын кызматынан кете турган болушу, парламенттеги жагдай — мунун баары дагы көп сөз менен көп өзгөрүүнүн өбөлгөсү болчудай.

Айтмакчы, кечээ Жолдубаеванын туулган күнү экен, 39 жашка чыгыптыр. 

Өлкө ичинде эл үчүн күтүлүп, күтүлбөгөн кадрдык өзгөрүүлөр фонунда ажонун чет элдик сапарлары болууда, Түркиядан ары Бельгияга учкан.

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай башчысы Си Цзиньпин менен Боао шаарында жолукту

Саясат саясаты менен, бирок чочутканы Тогуз-Торонун Казарманында митингге чыккан эл комбинаттын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөп ийгени болду. 

Азырынча антаңдабайлы, бирок жакшы кеп болуптур. Кыргыз-өзбек чек арасында жарандарга ок атуучу куралдарды пайдаланууга кескин тыюу салуу боюнча катуу кеп жүрдү деп билдиришти өкмөттөн. 

Биздин таберик сүрөткө азыр көзгө сүртөөр тумар болуп бара жаткан учурлар чыкты.

Айылдык кыздарды багып, чемпион кылган Үсөналы аттуу инсанды тааныйсызбы? 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.08 (сатып алуу) жана 69.35 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Сабырдуу жетээр муратка, сабырсыз калаар уятка.

Ийгилик жана өлкөгө бейкуттук каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0