Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мен кантип 7-апрель көчөсүндө ойгондум?

Жазылуу
Кутман таң, замандаш!

Кечинде Шабдан баатыр, таңда 7-Апрель… Мен Шабдан баатыр көчөсүндө жашайм. Ой, жашачумун дейинчи. Кечинде бара жатканда үйдүн дубалында Шабдан Баатыр көчөсү деп эле жазылып турган. Эртең менен чыксам 7-Апрель болуп өзгөрүп калыптыр. Картаны карасам ал жак да ушинтип жүрөт. Тобо…

Иш жумалыгы аяктап калды, алдыда үч күндүк эс алуу бар. Андыктан азыртан эле дем алыш күндүн планын түзө берсеңиз болот. Ал эми синоптиктер бүгүн күн чайыттай ачылып нурун чачат деп жатышат. Жаз келип жерге көк чыккандан тарта майрамдар башталат. Ага улай эле тойлордун сезону гүлдөйт. Куудулдар айтмакчы, түнү тойго барып, күндүзү жумушта уктап эс алмай. Кечээ ушул багытта "Жүрөк оорутпай кантип той берсе болот" аттуу тегерек стол өттү. Ага бир нече маданият кызматкерлери, коомдук фонддун өкүлдөрү жана ЖК депутаты катышты. Анда тойго барып эс албай эле узак тост угуп, даңгыр-дүңгүрдүн баш ооруп кайтып жатабыз деген сөздөр айтылды.

КР эл артисти Түгөлбай Казаков тойлордун форматын өзгөртүү үчүн атайын эрежелер иштелип чыгышы зарылдыгын айтып, башка элден сиңирилген ашыкбаш каада-салттардан баш тартып, үч саат кылып чектөөнү сунуштады.

Ал арада "айтылбай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле" болуп депутат Эмил Токтошев тойлорго чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору эмнеге колдоо таппай калганын ачыктап жиберди. Көрсө, калаада эл өкүлдөрүнүн өзүнө жана туугандарына таандык тойканалар көп экен.

Ал эми тамада Эркин Рыскулбеков мыйзам менен тыюунун ордуна адегенде бийлик өкүлдөрү өздөрү карапайым элге үлгү көрсөтсүн деп чыкты. Анын айтымында, аткаминерлер дүңгүрөтүп той берип, тээтиги Франциядан бери ичимдик алдырышат имиш. Гонорары эле 20-30 миң долларды түзгөн Казакстан менен Россиядан ырчыларды чакыртышат экен.

Бирок "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков аны менен ишим жок деп отуруп албай чогуу-чаран аракет кылуу керектигин баса белгиледи. Болбосо кедергиси баарыбызга тийип калышы мүмкүн. Аны мындай мисал менен түшүндүрүп берди.

Бир күнү коюлган капканды байкап калган чычкан тоок, кой, уйдан аны алып коюну суранса "анда биздин ишибиз жок" деп коёт. Анан капканга чычкан эмес, жылан түшүп калып үйдүн кожоюнунун аялын чагып алат. Ооруканага жатса дарыгерлер "тооктун шоропосун алып кел" дейт. Ошентип тооктун башы кетет. Ооруканадан чыккандан кийин туугандары сурап келсе койду соёт. Бирок аялы оорудан айыга албай каза болуп калат да анын тажыясына жанагы уйду союшкан экен. Ошентип "ишим жок" деген үчөө кетип, чычкан аман калган экен. Андыктан бир нерсе көрсөк кыя өтпөй жүрөлү, туугандар!

Ал эми "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидерлигине жаңыдан дайындалган депутат Жыргалбек Турускуловдун тоо теке атып, анысына машырланып отурган сүрөтү соцтармактын талкуусуна түштү. Мындан улам эл өкүлү окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берүүгө мажбур болду. Көрсө, сүрөт 14 жыл мурда тартылган экен.

Анткен менен Болливуд жылдызы мындан 20 жыл мурун тасмага тартылуу учурунда коруктагы сейрек кездешүүчү жаныбарды өлтүргөнү аныкталып, беш жылга камалып кетти. Эми салыштырып көрүңүз. 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бөлгөн акчага салынган "Ала-Тоо" конушундагы №82 мектеп кайра жасалып жатат. Ушул мектептин багы ачылбас болду. Мына бүтөт, ана бүтөт деп жатып 10 жылда араң пайдалууга берилген болчу.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.33 (сатып алуу) жана 68.56 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Тойлор болсун, бирок аша чаап кетпейли!

Амандыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0