Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кошкула, бейажал кеткен периштелер...

© Sputnik / Антон Круглов / Медиабанкка өтүүЭстеликтеги гүлдөр жана периште фигуркасы. Архив
Эстеликтеги гүлдөр жана периште фигуркасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Ар бир үйдө наристенин күлкүсү жаңырып турсун!

Адаттагы дем алыш күндөрдүн бири, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек балдар оюн-зоок көңүл ачуу борборуна келишкен. Ичинде жаман ою жок шатыра-шатман ойноп жүрүшкөн. Аттиң… бул алардын акыркы көргөн мультфилими, акыркы ойногон аттракциону, акыркы жеген балмуздагы жана ата-энесинин жүрөгүн элжиреткен акыркы жылмаюусу болорун ким билиптир. Көз ирмемде каптаган кара түтүн акыркы маалыматтар боюнча 64 адамды набыт кылганы айтылууда. Анын ичинен 41и чырактай жаш балдар экен. Айрымдары эшик бекилип калгандыктан чыга албай өмүрү менен кош айтышкан дешет. Ажалга моюн сунган балдардын өмүрүнүн акыркы ирмеминде социалдык баракчасына жазган коштошуу сөзүн окусаң жүрөк канайт. Кошкула, бейажал кеткен периштелер…

Соода борбордогу кандуу каргаша кантип башталганы видеого түшүп калган.

Россиянын Тергөө комитети Кемероводогу "электр зымдардын тийишүүсү жана атайылап от жагуу" деген божомолду өрттүн негизги себеби катары карап жатат. 

Ал арада өрт чыккан маалда сигнализацияны өчүрүп койгон кароолчу кармалганын да билдирди. Ал эми Кемеровонун вице-губернатору жетекчи катары күнөөсүн моюндап элден тизелеп кечирим сурады.

Кайдан деп болобу? Биздин соода борборлор күтүүсүз келген кырсыкка даяр тура алабы же жокпу деп байкоо салдык.

Кемероводогу каргашалуу кырсыктан кийин кыргызстандыктар соода борборлорундагы коопсуздук маселесине тынчсыздана башташты. Мындан улам адистин жардамы менен өрт учурунда жардам берчү 8 кеңешти даярдадык.

Дарыгерлер тирешип… Күбө Токтогулдагы ооруканада болгон ак халатчандардын жаңжалынын видеосун жиберди. Анда чогулуш өтүп жаткан залга чоочун аялдар кирип келип ызы-чуу чыгарган. Бирок окуянын чоо-жайын тактай келгенде жаңжалдын тамыры тереңде экени анык болду.

Кечээ борбор калаада футбол боюнча Кыргызстан менен Индия командалары беттешти кыргыз футболчулары жеңишке жетти. Баракелде, шумкарлар! Беттеш учурундагы кызыктуу ирмемдер сиз үчүн.

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч Кыргызстан — Индия в рамках отбора на Чемпионат Азии — 2019
Матч Кыргызстан — Индия в рамках отбора на Чемпионат Азии — 2019 - Sputnik Кыргызстан
Матч Кыргызстан — Индия в рамках отбора на Чемпионат Азии — 2019

Азыркынын Таттыбүбүсү менен Сүймөнкулу ким? Учурдун топ жарган актер-актрисалары менен таанышып алыңыз.

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаай турганы күтүлүүдө.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.18 (сатып алуу) жана 68.39 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күтүлбөгөн кырсыктан оолак бололу!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0