Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мейли эми, башкысы немистерди жеңгенбиз да

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Боорсок менен сүмөлөккө тойдуңузбу?

Ар бир спорттун өзүнчө кызыгы жана азарты болот эмеспи. Мен эмнегедир футболго кызыга бербейм. Футболчулардан да экран бетин бербеген Месси менен Роналдуну эле араң тааныйм. Кыргыздын улуттук көк бөрү оюнуна көп кызыгам. Кечээ Ноорузга карата өткөн көк бөрү турниринин финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары кыл чайнашкан беттеш өткөрдү. Бирде аттар жыгылса, бирде улакчы өзү тайказанга ыргып кетип, айтор, кан-жанын аябай ойношту. Натыйжада бир улак көбүрөөк таштап "Ынтымак" командасы баш байгеге ээ болду. Тилекке каршы… "Ынтымак" былтыр да, мурдагы жылы да жеңген. Быйыл "Достукка" жан тартып жеңишин күтүп жаткам. Оюн бүткөндөн кийин жумушка келип маанайым чөгүп отурсам, кесиптешим Бегимай Бакашева "анчалык кайгыра бербе эми, эң башкысы биз согушта немистерди жеңгенбиз" деп көңүл көтөрүп койду.

Мен айтып жаткан айыгышкан беттешти баштан-аяк бул жерден көрсөңүз болот. Булкунган буудандар менен тайказанга ыргыган улакчылар. Убактым аз десеңиз көк бөрү финалынан эң мыкты ирмемдерди көрүңүздөр. Бир жеринде улакчынын тайказанга ыргыткан улагы түшпөй, өзү кирип кеткен.

Мындан сырткары, Табылды Кадырбеков тарткан кан дүргүткөн сүрөттөрдү көрүңүз. "Ак кула" ат майданына барып келгендей болосуз.

Майрамга карата өлкөдө бир нече иш-чаралар болуп өттү. Бишкекте 800 килограмм боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлса, Ошто ыкчам боз үй тигүү боюнча сынак өттү.

Борбор калаанын тургундары жашыл пил, аюу жана акыранын жанына барып сүрөткө түшүштү.

Күлкүгө, жылмаюуга, шаттыкка бөлөнгөн Бишкек. Нооруз майрамынан керемет сүрөттөр.

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный концерт в честь Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Праздничный концерт в честь Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Праздничный концерт в честь Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.12 (сатып алуу) жана 68.34 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эң башкысы немистерди жеңгенбиз!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0