Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Айланайын аттиш, кадырыңды билбегинимди кечир!

Жазылуу
Кутман таң, замандаш!

Күн жылып, кыштын суугу кеткени менен ТЭЦтин айланасындагы чуу сериал сыяктуу. Күн сайын жакаңды карматкан жаңы жагдайлар сороюп чыгууда. Бишкек ТЭЦинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу мекемеге ар бир даанасы 14 500 доллар деп бааланган 128 видеокаттагыч алынганын интернет булактарына билдирген. Ошондой эле ал жөнөкөй эле камералар экенин айткан. Ал эми биз аттиш, кычкач же болбосо балыкооз деп билген буюмду болсо 600 доллардан алынган деп оозубузду ачырды. Муну менен аттиштин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү го, чиркин. Биздин үйдө да кээ-кээде колдонуп турган бир аттиш бар болчу, кечээ барып таппай койдум. Балээ басып уурдап кетпесе эле болгону… Эми ал буюмду сандыкка катып калбасак экен. Айланайын аттиш, убагында сенин кадырыңды билбей сарайдагы кыктын арасына таштап койгонум үчүн кечирим сурайм! Азыр 600 долларды аттиш катары элестетип калдык. Мындан ары 2400 долларга унаа алсаңыз, баасын сурагандага "төрт аттиш" деп койсоңуз түшүнүктүү болот. Тонна бешбармак, кулач-кулач чучук жасап кыйналып отурбай эле аттиш, видеокамералар менен Гиннестин рекорддор китебине кирип кетсек болмок экен.

Анткен менен "Электр станциялары" ишканасы видеокамералар 14 500 долларга алынды делген маалыматты карандай калп деп чыкты. Ал эми аттиш боюнча үн ката элек.

Биз ТЭЦтин видеокамерасы менен аттишине "суктанып" башыбыз айланып отурган чакта Кара-Балтада нефтини кайра иштеткен "Жунда" кытай заводу тарыхый көрүстөндөрдү талкалап бүтмөй болду. Бул жакка да көңүл буруп койгула!

Борбор калаа таштандыдан эмес, бак-дарактан арылып жатабы? Бир жыл ичинде Тыныстанов көчөсүндө 200дөн ашык түп кара жыгач жана терек жок кылыныптыр.

Кечинде үйдө отуруп интернетти карасам депутат Ырыскелди Момбеков Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кайрылып "балмуздак, кар эрий турганын билем, бирок асфальт да алардын артынан эрип кетээрин билбептирмин. Жол салгандан көрө пол салбайлыбы?! Жыгач алсак арзан жана бери дегенде эки жылга жетет" деп кейип жатат.

Муну да жөн жерден айткан жокмун. Бишкек шаардык мэриясы Кытайдын жол салуу корпорациясы менен калаага 2017-2018-жылдар аралыгында 49 жол жана 6 көпүрө курууга белсенүүдө. Кар сыяктуу эрибеген жолдор курулса экен деп тилек кылалы.

Каракчылардын талоонунда калган Болот Шамшиев, 40 тонна темирди Кытайга сатып жиберген депутат. Өлкө аймагында чейрек кылым мурда катталган кылмыштарды сунуштайбыз.

Бүгүн өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тээ этектеринде карга айланат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.09 (сатып алуу) жана 68.32 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жегендин кусмайы бар!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0