Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Майрам башталды...

© Sputnik / Табылды КадырбековСовременный редакционный центр Sputnik Кыргызстан в Бишкеке
Современный редакционный центр Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең майрам. Ооба, 8-март. Эл аралык аялдардынбы, же аялардын эл аралыкпы, айтор, майрам. Бул майрамдын аталышын журналист кесиптештерибиз ар кандай жазып жүрүшөт. Мейли эми.

Жаздын алгачкы жумасында кирип келген бул эл аралык майрам менен редакциябызда иштеген ажарлуу айымдарыбызды куттуктайм. Ар дайым көздөгөн максатка жетүү үчүн талыкпай эмгектенип, чарчоо деген эмне экенин билбей жүрө бериңиздер. Бирок "анча-мынча" чарчаган учурда эс алууну да унутпайлы. Тамаша тамашасы менен, ошентсе да жумуштун да түйшүгүн тартып, үйдүн да түйшүгүн көз жаздымда калтырбай, аял деген аруу сөздүн көркүн чыгарып жүрө бериңиздер. Жаздын туруксуз аба ырайы майрамдык маанайга эч таасир тийгизбей, тескерисинче, силердин жайдары, жаркылдаган маанайыңар бүркөлүп турган булутту айдап, күн нурун чачыратсын.

Унутуп кала электе дагы жазайынчы. Бизде өз ишине берилген, иштин майын чыгарган айымдар иштейт. Мисалы баарыбызды ары баспай бери бас, кыйшаңдабай түз жаз деп тартипке салып турган Канышай Жаныбековна бар. Бул айымдын темирдей катуу тартибине көнбөгөн бизде журналист жок. Нургүл Ташыбековна буга чейин эч ким даап жасай албаган чоң долбоор "Сынган кылычты" аудио версияга оодарганга салым кошкондордун көч башында. Тайсалдап материалга тема коё албай жатканда дал Нургүл Ташыбековна куюлуштуруп сонун аталыш коюп берет. Рахмат сизге. Айида Батырбековна болсо иш дегенде ичкен ашын жерге коюп, түндүн бир оокумуна чейин болсо да алган ишин мыктылап бүтүрмөйүнчө отурганы отурган. Сайтка чыгып жаткан материалдардын жарымынан көбү дал ушул сулуунун колунан өткөндөн кийин гана чыгат.

Бегимай Акылбековна алган теманын майын чыгарып, макаласы бир окуганда эле башка кыттай уюп калат. Ал эми Таалайгүл Үсөнбаевна деген кызыбыздын турмуштук окуяларды шурудай тизип баяндап, видеолорду эң сонун тартат жана монтаждайт. Жакында эле Таалайгүл фотоаппарат менен мыкты сүрөт тарта аларын да далилдеди. Гүлдана Талантбековна — биздин эрке кыз. Бул бийкеч спорттун сазайын берет. Түз маанисинде да, кыйыр түрдө дагы. Бул сулуу кыз спортчулардын коён жатагына чейин билет. Сүйлөбөйт деген мушкерлерди, балбандарды сүйлөтөт. Ушундан жазба, Гүкүш.

Жаздын келиши менен биздин радиобузда жаңы булбулдар — Айтурган Сатиева менен Асел Акматалиева сайрай баштайт. Андыктан Sputnik радиосун тыңдаганды унутпаңыз.

Майрамдагы аба ырайы. 8-мартта түнкүсүн жаан жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет деп Кыргызгидромет эскертти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке

Мушкерлердин жеңиши. Бишкете WEF Global 11 турнири өтүп, биздин мушкерлер жеңишти камсыздады. Кантип десеңиз видеону карап көрүңүз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.10 (сатып алуу) жана 68.36 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ар бир аткан таң сиз үчүн майрам болсун. Эң башкысы ошол күндү майрамга айлантуу өзүбүздөн көз каранды экенин унутпайлы деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0