Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тойго барган аткаминерлер камалат дейт...

Жазылуу
Жекшемби күн мен үчүн аябай сонун өттү. Башкалар эс алып жатканда эргүү менен иштеп, биздин балбандардын жеңишине күбө болуп кеңсебизде ураалап сүйүнүп отурдук.

Ошентип күрөш боюнча Азия чемпионатынын акыркы күнү Кыргызстан үчүн, деги эле күрөш сүйүүчүлөрү үчүн сонун болду. Анткени эки балбаныбыз — Муслим Евлоев алтын алса, Улукбек Жолдошбеков коло байгеге татыды. Намыска жараган балбандарыбызга бали! Дайым Кыргызстандын туусун көтөрүп, өлкөнү далайга таанытып жүрө бергиле. Ии, баса, Евлоев финалдык беттеште атаандашынын айласын кантип кетиргенине көз салып койсоңуз ашыктык кылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке

Чемпионат учурунда сүйүнүчтөн көзүнө жаш алган, жеңилип калганына ызаланган, деги койчу, беттеш учурунда тартылган сүрөт топтому сизди кайдыгер калтырбайт.

Кечээ, 4-мартта, президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келгенине 100 күн болду. Бул убакытта ажо эмнелерди жасап, кайсы жактарга барганга үлгүргън? Ушул жана башка суроолорго жоопту дал ушул материалдан алсаңыз болот.

Ал ортодо Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тойдон башы чыкпаган аткаминерлер камаларын эскертип, бийлик өкүлү чайханада чардап жүргөнү билинсе ошол замат кызматтан кол жууй турганын айтты. Өзбек президенти даны эмнеге ачууланганын бул жактан окуңуз

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.87 (сатып алуу) жана 68.12 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Көздөгөн максатыбыз дайым ишке ашып, өлкөбүздүн зоболосу көтөрүлө берсин деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0