Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Канча күн жамбаштап жатаарыбыз белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы майрамдык иш чаралар. Архив
Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жаз таарынып кетип калган жокпу, кайра кыш келчүдөй болуп жатат...

Бүгүн жаздын экинчи күнү. Бирок ага карабай кыш кетпейм деп көгөргөнсүп кар жаадырып турган чагы. Март десе эле дароо 8-март эске түшөт. Майрам жакындаган сайын кыздар сүйүнсө, балдар бир аз ойго түшүп жаткан маалы. Кээ бирлери кыйла эле санааркап жаткандай. Мисалы, кесиптешим Исмаил Мамытов Facebook баракчасына "8-марттан аман чыгабызбы?" деп суроо салса, Айида Батырбекова "8-март эркектердин эл аралык стресс күнү" деп жылмаюуда. Эмнеси болсо да тал чыбыктай буралган, жаз гүлүндөй ачылган айымдарыбыздын майрамы жакшы өтсүн. Эркектер, аман болсоңуздар, 9-мартта кайра көрүшөбүз.

Өкмөт дагы айымдарга белек болсун дедиби, айтор, майрамга карата төрт күн катары менен эс алат экенбиз.

Буга чейин эмнеге дем алыш күндөрүн алдын ала чыгарбайт деп нааразы болуп жаттык эле, мына сага деди окшойт, өкмөт жыл аягына чейинки эс алуу күндөрүн жарыялап жиберди.

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жалпы эсеп менен биринчи орунду алды. Мелдештер 4-мартка чейин уланат.

Кечээ балбан кыз Мээрим Жуманазарова өлкөнүн куржунуна дагы бир коло байгени алып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында коло медаль утту
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында коло медаль утту

Жек көрүү, өч алуу, сүйүү, сүйүнүү, кайгы, үмүт… Ушул сезимдин баары бир тасмада камтылган. "Дарак ыры" мюзиклинин бет ачарына барган кесиптешим Расул Үсөналиев тасма тууралуу ой толгоосун жазды.

Кечээ КРдин эмгек сиңирген артисти, актер, мыкты обончу жана аткаруучу Асылбек Өзүбеков 60 жашка толду. Кайгылуу ырлардын рыцары делген чыгармачыл инсан жөнүндө 6 фактыны сунуштайбыз.

Жаздын биринчи күнүндө дагы бир телерадио жылдызы жарыкка келген экен. Ал белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова. Чыгармачылык жолунан жеке жашоосуна чейинки кызыктуу фактыларды даярдадык.

Өлкө аймагындагы аба ырайы болгон.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.90 (сатып алуу) жана 68.15 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Маанайыңыздар дайым жайдары болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0