Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Жынысын алмаштыргандарды ким дейбиз?

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода России. Владивосток
Города России. Владивосток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Өлбөгөн жанга жаз да келди.

Артка кылчайсак, кыш мезгили деле жаман болгон жок. Болгону өкмөтүбүз өзүн 25-30 градус суукка даяр эместигин көрсөтүп койду. Бирок ал күндөр да өттү. Эми күн жылыйт, кыздар кызгалдактай жайнаса, балдар өздөрү айткандай гамаштарын чечип жыргап эле калышат. Жаз келгенде мурун кыздарда эле өзгөрүү байкалса азыр айрым мырзалар деле "жаркырачу" болду.

Кыз демекчи, көрсө Кыргызстанда кыздан эркекке, эркектен кызга айланып жынысын алмаштыргандар көп эле экен. Дал ушундай адамдардын тагдыры тууралуу Бегимай Бакашева даярдаган материалдан окуңуздар.

Эркек деген эркектей болушу керек. Качан эле кыргыздын жигиттери чапташкан шым кийип, кулакка сөйкө тагынчу эле. Ошондой балдарды көргөндө кыжыр кайнайт да. Андан көрө Азия оюндарында өлкөнүн намысын талашып жаткан балбандардай болбойбу. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСүйүнчү! Акжол Махмудов алтын тагынып Азия чемпиону болду
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Акжол Махмудов алтын тагынып Азия чемпиону болду

Акжолдун алтыны! Алгачкы ирет чоңдор арасында күч сынашууга чыккан Акжол Махмудов финалдык беттеште атаандашын көтөрүп чаап биринчи алтын медаль алып келди. Азаматтан башка айтаарыбыз не?..

Жаз келди деп эртелеп чечинип албайлы. Кыштын апкыт-сапкыты чыга элек экен. Анын үстүнө жазгы суук жандан өтөт эмеспи.

Мэрия болсо жаз келээри менен борбор калаа гүлгө оронорун билдирди

Борбор калаадагы айрым жерлердин асмандан көрүнүшүнө көз чаптырыңызчы. Чынында сонун бекен? Баса, сүрөттөрдүн бардыгын биздин кесиптеш Михаил Дудин тарткан.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.08 (сатып алуу) жана 68.29 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жаздын жакшы маанай менен тосуп алалы!

Баарыңыздарга бакыт каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0