Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Алтын керек, алтын...

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты кызуусуна батып турган учуру. 27-февралда башталган мелдеш 4-мартка чейин уланат. Оюндун биринчи күнү кыргызстандык спортчулар үчүн жаман болгон жок.

Күмүш менен коло. Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар күйөрмандарын эки күмүш, эки коло байге менен кубандырды. Бүгүнкү беттеште алтын алат деп үмүттөнөбүз. Анткени Каныбек Жолчубеков менен Акжол Махмудов баштаган балбандар күч сынашат.

Маданияттын көзүрлөрү мамлекеттик сыйлыкка татыды. "Курманжан датка" тасмасын тарткандар менен тартылгандарга Токтогул сыйлыгы тапшырылды.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНаграждение деятелей культуры и искусства Государственной премией КР им. Токтогула в области литературы, искусства и архитектуры
Награждение деятелей культуры и искусства Государственной премией КР им. Токтогула в области литературы, искусства и архитектуры - Sputnik Кыргызстан
Награждение деятелей культуры и искусства Государственной премией КР им. Токтогула в области литературы, искусства и архитектуры

Ал ортодо Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эң мыкты чыгармалар үчүн байгеси 1 миллион сом болгон сынак жарыялана турганын жар салды.

Ии, баса, 27-феаралда белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров 57 жашка чыкты. Өлкө эгемендик алгандан бери эл арасында "Айыл өкмөтү", "Боз салкын", жакында эле "Саякбай" тасмаларын тарткан режиссер катары белгилүү болгон инсан тууралуу кызыктуу фактыларды окуңуз.

Бай деген ким? Бай кандай болуш керек? Азыркы байлар менен мурдагы байлардын санжыра-санатына колумнист Шаакан Токтогул назар салып көрдү.

Элестетсеңиз, сиз чакан ГЭС куруп жатканда мамлекет энергияңды сөзсүз алам деп убада берип, ГЭС даяр болуп, ишке кирерде "ой, жок, силердин энергияңар кымбат" деп чалкасынан кетсе кантесиз? Мына ушундай окуяга туш болгондордун бири Рахатбек Ирсалиев окуянын чоо-жайын кабарчыбыз Мирбек Сакеновго айтып берген.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.07 (сатып алуу) жана 68.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Балбандардын күчүнө береке берсин, бизге алтын алып келсин деген тилек менен Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0