Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эмнеге илим-билимдүү кыздар көп ажырашат?

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЗарубежные страны. Иран. Тегеран
Зарубежные страны. Иран. Тегеран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Сыртта жааган жамгыр жаздын босогосун аттап жатканыбызды көрсөтүүдө.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин киндик кан тамган айылында азыр жашоо кандай? Кесиптештерим экс-президенттин айылына саякаттап келишти. Алар айылды аралап бара жатып Акаевдин туугандарына жолугушкан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө жогору билимдүү аялдар көп ажырашат экен. Кызыгы, эркектердин ажырашуусу эч бир дипломдон көз каранды эмес. Бир эмес, бир нече билими барлар менен мектептен башканы көрбөгөн эркектердин арасында үй-бүлөсүнөн баш тарткандардын саны бирдей. Таң каласың, жогорку окуу жайлар кыздарга дипломго ажырашуу жолдорун да жазып жатат окшойт. 

Ал эми бар тапканын ичпей-жебей чогултуп там салып, буюмдарды сатып алып тиричилик өткөрүп жаткан Ак-Жол айылындагы үй-бүлөлөрдү уурулар сызга отургузуп жатат. Алар ууру эмес эле албарсты окшойт. Алчусун алып жөн кетип калбай, шылдыңдагансып бир үйдөн эт, кымыз, дарбыз, экинчисинен жууркан-төшөк алып чыгып, огородуна отуруп курсактарын тойгузушуптур. Дагы бир үй-бүлө экинчи кабатта уктап жатса биринчи кабатындагы буюмдарды уурдап кетиптир.

Бүгүн кыштын акыркы күндөрүндө жааган жамгыр жаздын келгенин ырастагандай. Ал эми борбордо жылуулук берүү качан токтотулат? "Бишкекжылуулуктармагы" жооп берди.

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global Ghallenge 88 турнирине чыгып, мыкты ыкмаларды колдонуу менен атаандашын жеңип алды. Кышкы Олимпиадада көркөмдөп муз тебүү боюнча 15 жаштагы Алина Загитова Россия күткөн алтынды алып берди. Социалдык тармактан орун алган кызыктуу видеолор бул жакта

© REUTERS / ANTARA FOTOНаводнение в Индонезии
Наводнение в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Наводнение в Индонезии

Ал эми өткөн жума ичинде өлкөдө жана дүйнөдө болуп өткөн маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгү да назарыңыздарда. Жеңишке жеткирген шайбадан кымча бел сулууларга чейин көрүңүздөр.

Кыргызстанда март айында гана эмес, апрель айында дагы кар жаашы мүмкүн экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.98 (сатып алуу) жана 68.22 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз.

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0