Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Конок жинге тийсе не кылыш керек

Жазылуу
Конок демекчи, кыргыздар конокко барганды да, тосконду да, деги эле конокту жакшы көрөбүз. Катары менен болгон үч күн да коноксуз, тойсуз өтпөсө керек. Жок дегенде бир конокко сөзсүз бардыңыз, ээ?

Конок койдон жоош, чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат, конок келсе козу сой дегендей кептер эл арасында кеңири жайылган. Мына ошол конок жинге кантип жана кайсы учурда тиерин тамаша-чыны аралашкан материалдан бир окуп коюңуз.

Ал ортодо Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада оюндары аяктады. Мелдеш учурунда өзүнүн сулуулугу жана ажарлуулугу менен күйөрмандарды арбап алган спортчулардын сүрөттөрү сизди дагы кайдыгер калтырбайт.

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЦеремония закрытия XXIII зимних Олимпийских игр в Пхенчхане
Церемония закрытия XXIII зимних Олимпийских игр в Пхенчхане - Sputnik Кыргызстан
Церемония закрытия XXIII зимних Олимпийских игр в Пхенчхане

Алыскы Памирден дагы 9 кандаш Кыргызстанга келди. Кыргызстандын шартына көнүшүп жаткан памирлик кыргыздар Кочкор районуна жайгаштырылды.

Талыкпаган эмгек, изденүү гана кайда болбосун ийгиликке, жетишкендикке алып келет. Башкысы адамда аракет болушу керек. 15 жыл мурун Москвага жүк ташыгыч болуп иштегени барган Акбар Маразыков учурда эл аралык ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти. Түмөн түйшүктүү тагдыр жана жашоосу тууралуу ишкер сонун маек куруп берди.

Сонун эс алуу күнүнөн кийин апта ичинде бизди кандай аба ырайы күтүп турат? Жаан жаайбы, же кар жаайбы? Деги эле божомол кандай.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.96 (сатып алуу) жана 68.22 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Апта башы жалаң ийгилик менен коштолсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0