Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыжырды кайнаткан "немелер" тууралуу

Жазылуу
Айрым учурда кээ бир нерселер менен немелер жинге өлө тиет да. Бетине карап туруп "өзүң ошондой" дегиң келет.

Редакциядагы кыз-келиндер кайнеже менен кайын сиңди кайсы учурда кыжырды кайнатарын санап жазышыптыр. Алардын айрым сапаттарына мүнөздөмө да беришиптир.

Ии, баса, сиз акыркы жолу айылга качан бардыңыз? Эгер жакында эле барып келсеңиз эмне өзгөрүүнү байкадыңыз? Сагыныптырсызбы? Эх, айылым. Сиз дагы мендей болуп азыр айылыңызды сагынып жатсаңыз жазуучу Данияр Исановдун айылга катын окуп чыгыңыз

© AFP / Dimitar DILKOFFГорнолыжник Евгений Тимофеев во время зимних Олимпийских игр в Пхёнчане
Горнолыжник Евгений Тимофеев  во время зимних Олимпийских игр в Пхёнчане - Sputnik Кыргызстан
Горнолыжник Евгений Тимофеев во время зимних Олимпийских игр в Пхёнчане

Ал ортодо Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Олимпиада кызып турган учуру. Кыргызстандын намысын коргогон Евгений Тимофеев 46 атаандашын артта калтырды.

Белгилүү актер Чоро Думанаев 10го чыкканда 1-класска кайра отурганын билчү белеңиз. Актердин буга чейин эч кимге белгисиз болгон айрым окуяларын кабарчыбыз Мирбек Сакенов сонун кылып жазды.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков тууралуу эмне билесиз? Бул киши кечээ, 18-февралда 39га чыкты. Бир ажалдан калган бул каарман тууралуу журналист Таалайгүл Усенбаева кызыктуу 7 факты даярдады. Айтмакчы, Илим мырза учурунда "Ош" базардын айланасын шыпырып акча тапкан экен.

Февраль дагы аяктап, элдин баары "күн качан жылыйт" деп отурган учуру. Синоптиктер бул жумадагы аба ырайы кандай болорун айтты. Окуп алып анан иш кылыңыз. Себеби, кышкы күрмөңүздү дароо чечип сандыкка салып салбаңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.11 (сатып алуу) жана 68.35 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, дизель жөнөкөй майы 42.00, ал эми кышкы дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Битке өчөшүп, кийимиңди отко салба. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0