Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Оштук жигитти ойго салган Нарындын кыздары

Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Таң ырыскысы баарыбызга тегиз жетсин!

Уулу чоңойгон сайын ата-эне көбүрөөк санаа тартат окшойт. Азыр мен да кайсы бир жактан кыздар менен түшкөн сүрөтүмдү социалдык баракчама киргизип калсам апам "Ии, мунун кайсынысы келиним?" деп сурап калат. Ой, сурап дейм да, какшыктайт. Өзүм Оштун кулуну болгондуктан апам бул жактан келин күтүүгө анча кызыкдар эмес. Баягы кинодогудай болуп "бир шаардык кызды алып келсең созулуп отурса, үйдүн ишин ким кылат? Айылдан эле өзүм көрүп-билип жүргөн кыздардан эле алып берем" дейт да байкап жүргөн "көздүү мончоктору" менен сүйлөшүп көрүүмдү сунуштайт. Бир чети жолдун алыстыгы да бир топ санаага салат. Апамдын ою боюнча мен үйлөнөм десем Ош тараптагы кыздар менен гана сүйлөшүшүм керек. Бирок бул сунуш мага анча жага бербей жатат. Эмне Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Бишкектин кыздары Ошту көрбөй өтүп кетмек беле. Андыктан оштук кыздарга гана үйлөнөм деп өзүмө чекит коё элекмин. Буга чейин көргөн-билгендериме таяна турган болсом Нарындын кыздары жакшы ой калтырууда. Азырынча апама келин боло турчу кызды таба элекмин. Бирок жеке мен үчүн кыялымдагы кыз кайсы жактан экени маанилүү эмес. Апамдын эмнеден чочулап жатканын да билем, ошол эле учурда мага жаккан кыз апамдын да көңүлүнө толот деп ишенем.

Нарындын кыздары тууралуу айтып оозумду жыйганча 400 топозго ээлик кылган атбашылык миллионер кыз чыга келди. Ал атасынан калган мал-жанды өзүнө өткөрүп алып, учурда бир ферманы башкарып келет экен. 

© AFP / JACK GUEZАйсулуу Тыныбекова
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова ден соолугуна байланыштуу Азия чемпионатына катыша албай турганы айтылды. Баса, Айсулуу да Нарындын кызы экен.

Жаркынайым төрт жашында рак оорусуна кабылып, чоң энеси экөө оору менен бир жылдай алышып акыры жеңишкен. Кантип? Бул суроого жоопту Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаркынайымдын чоң энеси Калбүбү Тыналиева берип, оңой эмес тагдыры тууралуу кеп кылды.

Ата-эне кандай жаман иш жасасаң да кучагын жаят эмеспи. Энеси каза болуп калган Жамиля дайынсыз жоголуп кетсе туугандары өз алдынча издеп 11 жылга чейин милицияга кайрылган эмес. Бишкекте жоголгон кыз 11 жыл каякта жүргөнү туурасында анын бөлөсү айтып берди.

Борбор калаадагы Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө тайгаланып жыгылган кош бойлуу келин жерге башы менен тийген. Бул учур видеого тартылып калган.

Кыргызгидромет март айына карата аба ырайынын божомолун берди. Синоптиктер айдын аягында күн 22 градуска чейин жылый турганын айтышты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.03 (сатып алуу) жана 68.31 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, дизель жөнөкөй майы 42.00, ал эми кышкы дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Жүгүргөн калат, буюрган алат!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0