Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Баатырдын атын алыстан ук...

Жазылуу
Кыргызда баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши деген жакшы сөз бар. Биз баатыр санаган кишилер деле карапайым калктын арасында жашайт.

Дүйнө олимпиадаларында Кыргызстандын намысын коргоп, желегин бийик көтөргөн грек-рим күрөшү боюнча балбан Канат Бегалиев тууралуу эмне билесиз? Ал канча жашынан баштап машыга баштаганын, жараткан ийгиликтери жана учурда эмне менен алектенип жатканы боюнча кызыктуу фактыларды Гүлдана Талантбекова чогултту.

Акыркы учурда өз балдарына кордук көрсөткөн ата-энелер боюнча маалыматтар калк арасында желдей тарады. Кантип, эмне үчүн деп суроо салган окурмандардын саны көп болду. Кандай ата-эне өз баласына кол көтөрүп, андан жинин чыгарарына психолог жооп берди. Окуп койсоңуз ашыкча болбойт. Балаңызды тарбиялоодо жардамы гана тиет. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочая поездка Сапара Исаков в Баткенскую область
Рабочая поездка Сапара Исаков в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Рабочая поездка Сапара Исаков в Баткенскую область

Кыргызстанда социалдык тармактардын коомдо салмагы жана өз орду бар. Аткаминерлерге, же мекеме-ишкананын жетекчилерине, деги эле коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө карата айтылган пикирлер сөзсүз түрдө өз дарегине жетет. Башкача айтканда, таасир болот. Баткендеги жакыр үй-бүлөнүн абалы менен таанышуу үчүн барган аткаминерлердин бут кийимин чечпегени катуу сынга кабылды. Бутун чечпей койгон Баткен облусунун башчысы Абиш Халмурзаев бул боюнча түшүндүрмө берди

Ар бир нерсенин ордун билүү абдан маанилүү. Анткени мыйзамсыз жазылган тыюулар туура жүрүүгө жол көрсөтөт. Бул сапар Таалайгүл Усенбаева боз үйгө байланыштуу алты "болбойтту" сунуштайт. Кыргыздын кылымдардын бери келе жаткан турак жайына киргенде дайым эсиңизде болсун. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКадр из фильма "Красное яблоко"
Кадр из фильма Красное яблоко - Sputnik Кыргызстан
Кадр из фильма "Красное яблоко"

Сүрөт бул өткөнгө баруучу убакыт машинасы десек эч жаңылбайбыз. Анткени биздин бактылуу учурларды ошол маалындагыдай кылып сактап турат. Керек болсо келечек муунга өткөрүп берет. Альбомду барактап отуруп мындан бир кылым мурда болгон окуяларга саякаттай алабыз. Мына ошондой саякаттардын биринде биз Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова менен СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 1975-жылдын июль айында чогуу тасмага тартылган учурун таап алдык. Алп таланттардын жаштыгы, сулуулугу, көтөрүңкү маанайы сүрөттө кудум ошол учурдагыдай сакталып калган.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.02 (сатып алуу) жана 68.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель жөнөкөй майы 42.00, ал эми кышкы дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Жамандан адашып, жакшыга жанашалы деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0