Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жээнбековдун жанын кашайткан соттор

Жазылуу
Кутман таң, замандаш!

Кечээ бийликтин үч бутагы аталган мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги, жети дубандын жетекчилери, кыскасын айтканда бийлик төбөлдөрүнүн баары чогулуп президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүштү. Адегенде эле өлкө башчы коррупция менен күрөшүү натыйжа бербей жатканын айтып кескин сындап кирди. Андан соң сотторго сөөмөй кезеп, "эгер оор кылмыш жасагандарды актап, туура эмес чечим чыгарып, элдин укугу тебеленсе, президент катары бардык нерсеге кийлигише турганын" белгиледи. Укук коргоо органдарына да каарданып "адамдар силерден арка-бел издесе, өзүңөр жан сакчы менен жүрөсүңөр, анан кантип элди коргойсуңар?" деп суроо салды. 

Ал эми соңку учурда элди уу-дууга түшүрүп жаткан криминалдык чөйрөнүн баш көтөрүшү укук коргоо органдарындагы коррупцияны көзгө сайып көрсөткөнүн айтты. Ошондой эле ал уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканын белгиледи. 

Президентин мындай билдирүүсү элдин жүрөгүн жылытып, жаңы үмүткө жетелегендей болду. Бирок муну баары эми сөз бойдон калбай, иш жүзүнө ашса деп турабыз.

Бул жакта Коопсуздук кеңеши өтүп жатканда, лейлектиктер кооптулукка кептелди. Кыргыз-тажик чегиндеги "Кулунду", "Кайрагач" өткөрмө бекеттерин жана Максат — Кулунду көпүрөсүн тажик тарап бир тараптуу жаап, аскерлерин киргизгени туурасында кабар келди. Себептери жана эмне менен аяктаганын баштан аяк тексттик трансляциядан окуңуздар

Ал жактагы кырдаалды күбөлөр видеого тартып жөнөтүшкөн.

Бактыга жараша эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде чек ара бекеттери ачылып, кырдаал жөнгө салынды. Тынчылык эле болсунчу! Алыскы туугандан жакынкы коңшу дейт, андыктан ынтымакта бололу!

"Мекенди коргоочу эр азаматтарыбыз бар болсун! Артыңда туяк калып, тукумуң улансын!" деп аксакалдар бата берип келишет. Өкүнүчтүүсү, дарыгер эркектер арасында тукумсуздук жыл өткөн сайын күч алганын коңгуроо кагууда. Эгер 15-20 жыл мурда бул маселе менен эркектердин 20 пайызы гана кайрылса, азыр дартка чалдыккан мырзалардын саны аялдар менен тең. Дарыгер эркектерди тукумсуздукка жеткирген 7 оору туурасында айтып берди.

Соңунда позитивдүү маалымат менен бөлүшөйүн. Кесиптешим Исмаил Мамытов аялдамадан кезиктирип калган бир сулууга ашык болуп, таанышканга үлгүрбөй калган экен. Анан кинодогудай болуп беш айдан кийин ошол сулууну аяш атасынын үйүнөн кезиктириптир.

Өлкө аймагына алынган аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.75 (сатып алуу) жана 69.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эл үмүтү акталсын!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0