Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ата-энесин "балаң өлдү" деп кантип алдадың?!

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан шаар тургундары. Архив
Көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Жергебизде тынччылык болсун!

Эгер бейтаныш бирөө телефон чалып "сиздин балаңыз машинасы менен жаш баланы сүзүп алды же кызыңыз ооруканага түшүп калды, тез акча салып жибериңиз" десе ишенет белеңиз? Албетте, чочун кишиге ишенбейм дешиңиз мүмкүн. Бирок алдамчылык менен шугулдангандар актердук чеберчилигине салып сизди заматта тузагына илип алышы ыктымал. Жада калса алар ата-энесине чалып "өзүңүздүн балаңызмын" деп ишендирип коёт экен. Азыр көбүнүн эле балдары талаалап иштеп жүрөт. Ансыз да санаасы санга бөлүнүп, балдарынын ойлоп отурган ата-эне алданып калаарын кайдан билсин. Алар керек болсо баласына жанын бергенге да даяр болуп отурат эмеспи.

Дагы бир кызыгы, мындай иштерди көбүнчө абакта отургандар жасайт экен. Мисалы, Ош шаарында буга чейин тогуз жолу соттолуп, жаза мөнөөтүн өтөп жаткан кылмышкер жогорудагыдай ыкмаларды колдонуп жети адамды сызга отургузуп кеткен. Ар биринен 100 миң сомдун тегерегинде акча сурап 600 миң чогултуптур. Кылмыштуу ишине 28 жаштагы аял шерик болуп акчаларды жеткирип турган. Мээң менен сенин! Мындайды укканда чоң атам "кара башыңды жут!" деп койчу эле. Андыктан алыста жүргөн балдар ата-энеңиздерге ушул туурасында эскертип коюңуздар. Анан да өзүңөр менен өзүңөр болуп жүрө бербей, бат-баттан чалып тургула. Бир нерсе болсо мага өзү чалат эле деп тузакка түшпөй калгыдай болсун.

Граната көтөргөн студент, бомба жасап саткан прапорщик. Күйөөсүн бычактап, аялын зордуктап… Мирбек Сакенов мындан 25 жыл мурун февраль айында катталган кылмыштарды тизмектеген.

Кечээ кечке жуук борбор калаанын "Beta-2" супермаркетинин короосунда өрт чыкты. Алдын ала маалыматтарга караганда, дизелдик агрегат күйүп кеткен.

Ал арада Бишкек шаардык соту мурдагы баш прокурор, учурдагы депутат Аида Салянованын ишинин карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык Салянованын мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок депутаттын 2015-жылы төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган.

Ал эми Башкы прокуратура милицияны видео, сүрөткө тартууга болорун айтып, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) жетекчи орун басары Ыманалы Саркуловго эскертүү берди. Буга чейин ал мындайга тыюу салына турганын айткан.

"Жээн эл болбойт, желке тон болбойт", "жээн келгенче жети бөрү келсин" деген кептерди угуп жүрсөңүз керек. Таалайгүл Усенбаева жээнге карата 5 "болбойт" жазды.

Чакан бизнеске насыя алуунун шарты кандай, чекене соода менен алектенгендерге берилеби жана арзан турак жайдын курулушу кандай каржыланат? Бул туурасында Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев айтып берди.

Бишкек шаарынын айрым тургундары жылуулук үчүн январь айында беш күндүн акчасы алынбайт дегенине карабай, мурдагы айларга салыштырмалуу көбүрөөк эсеп чыгып келгенин айтышууда.

Бажы десе эле ушул кишини эстечү болдум. Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 фактыны окуп коюңуздар. Элесиң турат, өзүң жок…

Өлкө аймагына алынган аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.58 (сатып алуу) жана 68.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Алдамчылардан сак болуңуздар!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0