Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. "Коркутуп" колун сурабай эле койбойбу..

Жазылуу
Кутман таң! Жакындарыбыздан жакшы сөздү аябайлы!

Кечээ Sputnik агенттигине сүйлөшкөн кызынын колун "коркутуп" сураган жигиттин видеосу жарыяланды. "Сюрпризи" адамды стресс кылып салчудай экен, анча-мынча жүүнү бош кыздардын жүрөгү ошол жерден жарылып кетмек. Видео социалдык тармакта кайчы пикир жаратып айрым кыздар "ушинтип да колун сурайбы" десе, кээ бир экстримди сүйгөн айымдарга видео жага бербей жатып калды. 

Кыргызстанда болсо кылмыштардын түрү да, саны өсүп баратат. Курулуш базарында иштеген кошунабыз бар. Эртең менен чогуу келе жатсак "жакында эле курулуш материалдарын саткан дүкөндөн уурулар миллион сомун коркутуп алып кетиптир" деп айтып калды. Бир жума мурун дагы кошунабыздын үйүн уурулар "тазалап" кеткен. Азыр жашоо кооптуу болуп, "качан үйгө ууру кирип келет" деп өмүрүбүз коркунучта өтмөй болду го… Кечээ эле ШИИБ бир ай мурда абактан чыккан кылмышкерлер дүкөн тоноп жаткан жеринен кармалганын кабарлады

Аткаминерлерге кызматтык унаадан баш тартып коомдук транспортко өтүүгө кандай карайсыз деп собол узатып көрдүк. Айрымдары бул демилгени колдоорун айтса, кээ бири "өкмөт менен Жогорку Кеңештин жумушун салыштырып болбойт" деп кызматка байланыштуу коомдук транспортто жүрө албастыгын ачык билдиришти.

Ал ортодо кыйратпаган коомдук транспортко жол кире 50 пайызга кымбаттайт деген уу-дуу кептерден улам кабарчыбыз тийиштүү мекемелерден жооп алды.

Кыргызга кыш мезгилинде абдан керек болгон согумдун сонундарын бул жактан окуп алыңыздар

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Райым Матраимов азыр коомчулуктун көңүл чордонунда. Анын миллиондорду кайдан тапканы, Кулматов экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу маалыматтарды журналисттер каза башташты. 

Кыш бүтөйүн деп калды. Карга бөлөнгөн калаанын асмандан көрүнүшүн көрүп бир суктанып алгыла!

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.49 (сатып алуу) жана 68.73 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 42.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0