Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Миллион сом күйүп жатканын карап эле кала беришти

Жазылуу
Кутман таң!

Адаттагыдай эле жумуш күнү башталган. Жаңы эле "Бурадарды" жазып бүтүп редакторго жибергем. Баса, кечээги "Бурадарды" сөзсүз окушуңуз керек. Кеч боло электе азыр кирип окуп коюңуз, арманда калбайсыз. Бир маалда эле "Ош" базарынан өрт чыгыптыр" деген маалымат түштү. Дароо эле үчөө-төртөөбүз тапырап чыгып кеттик. Шашып баратабыз, Жаш Гвардия бульварына жеткенде асманга көтөрүлүп жаткан коюу кара түтүн көрүндү. Чүй проспектиси менен барып Бейшеналиева көчөсүнө жеткенде унаадан түшүп түз эле өрттөнүп жаткан жерге кирип бардык. 50дөй милиция элди жакын жолотпой тосуп туруптур. Кесиптештерим дронду учуруп, сүрөткө тартып, түз эфирге чыгып, айтор, өз ишин жасап жатышты.

Мен да сүрөт жиберейин десем кетпейт. Көрсө, бир жумага салган тарифтик мүнөттүн убактысы бүтүп калган экен. Бир дүкөнгө кирип эми телефонумдун балансын толуктайын деп жатканда кашайып жарык өчүп калды. Андан ары 500 метрдей чуркап барып акча салып келдим. "Өх-хх" деп тартып жатсам кычап телефондун кубаты түгөнүп калды. Бир дүкөнгө кирип суранып кубаттай коёюн десем базардын тегерек четинде бүт жарык өчтү дешти. Согушка жылаңач барып алгандай өзүмдү аябай жек көрүп кеттим. Бир кыйладан кийин биздин оператор Эмил Садыровду издеп таап, анын телефонун сурап ишке кириштим. Бул го менин кичинекей эле көйгөйүм. Эми "Ош" базардын өзүндө эмне болгонун айтайын.

Ызы-чуу, өрт өчүрүүчү унаалар биринин артынан бири келип жатты. Соода күркөлөрү жалындап күйүп, түтүнү асманды каптады. Соодагерлер жан далбастап товарларын ташып чыгууда. Кийинчерээк милициянын курамы көбөйүп базардын четинде тургандандарды алыска сүрүп чыгарып, эч кимди киргизбей койду. Тарс-турс деген катуу үндөр чыгып, ичинде бир нерселер атылып жатты. Ага карабай эмнеге экенин билбейм, адамдар өрт болуп жаткан жерге жакын баргысы келет. Ар бир үчүнчү адам телефонуна тартып жатат. Ал эми соодагерлер тер төгүп чогулткан эмгеги, миллиондогон акчалары көз алдында күйүп күлгө айланып жатканын карап гана кала беришти. Көзүнө жаш тегеренген апалардын күйүтү чоң эле…

Мен болсо жанагы кесиптешимдин телефону менен кырсыктын кесепеттери тууралуу репортаж даярдоо жетиштим. Соодагер Уулкан Аязова товар алуу үчүн таң эрте "Дордойго" кеткен экен. Кырсык тууралуу угаары менен жетип келсе, бир миллион сомдук товары күйүп бүтүп калыптыр.

Өрт башталгандан бүткөнгө чейин эмнелер болуп жатты. Толук хронологияны бул жактан окуй аласыз.

Коюу түтүн, жандалбастаган соодагерлер. "Ош" базарда чыккан өрттүн видеосу.

"Ош" базарындагы ири өрт. Жеринен тартылган 15 сүрөт.

Бишкек шаарындагы жылуулук кризиси уникалдуу өсүмдүктөргө да жетип, жылдап жыйнаган эмгекти бир түнкү суук алып кетти

Премьер-министр Сапар Исаков "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун бир катар жетекчилерин ээлеген кызматынан алууну тапшырды.

Депутат Элвира Сурабалдиева "эмне себептен ТЭЦтин системасын кытайлыктар башкарып жатат? Анысы аз келгенсип Кыргызстандын бюджетинен айлык да алышат" деп нааразы болду.

Сууктун тумшугу сынабы? Бүгүн аба ырайы кандай болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.25 (сатып алуу) жана 68.47 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кудай кырсыктын бетин ары кылсын!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0