Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Хабибди тосууга барган кортеж жаканы карматты

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит известного бойцы UFC Хабиба Нурмагомедова в Бишкек
Визит известного бойцы UFC Хабиба Нурмагомедова в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Сыртта кар учкундап жаай баштады. Күн суук! Ага карабай жүрөгүңүздө ар дайым жылуулук болуп турсун!

Хабиб Нурмагомедов келет экен деп элдин баары эле дүрбөштү. Ал кечээ кечинде Бишкекке келип, аны кыргыз мушкерлери жана журналисттер аба майдандан тосуп алышты. Сол жагымда отурган кесиптешим Исмаил Мамытов мушкер менен бир селфи жасап алсам деп колу жетпей жатат. Айласы кеткенде мушкерди тосуп алууга бараткан кесиптештериме менин ордума сүрөткө түшүп койгула деди. Ага да чыдабады окшойт, Facebook баракчасына "ким Хабиб менен селфи жасаса, ошол үч жолу красавчик" деп жазды. Ал эми оң жагымда отурган Нургүл Максутова "ай, дүрбөп эле жатасыңар, эмне Хабибиңер ушунчалык эле кыйынбы?" деп таңыркап суроо салат. Тосуп алууга барганы турган кортежди көрүп ого бетер таң калды. Аба майдандын алдында 15ке чукул жолтандабас тизилип турган экен. Ошентип UFC жылдызынын Бишкекке келгенин түз эфирден көрүп жаттык. Ал кирери менен оркестр жаңырды. Ушул жерде "эмне Хабиб оркестр көрбөй жүрдү беле, улуттук аспаптарда ойноп таң калтырбайсыңарбы!" деген комментарийлер жаай баштады. Чынында эле ошентсе болмок экен. Эми өзүбүздүн баатырларга өтөлү. 

Мамлекеттик тапшырык менен кыргыздан алп балбаны Кожомкул тууралуу толук метраждуу көркөм тасма тартылат экен.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жекшемби күнү айылга барып, улакчылар менен күч сынашып улак тартып келиптир

Ал арада өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков миграциянын агымын кыскартуу үчүн айылдыктарды уй багып иштөөгө чакырды. Мындан сырткары, ал миллиондорду чапчыган саясий оюн уюштургандарга сөөмөй кезеди

Казакстандын түштүгүндө ит өлгүдөй суук болуп жатат. Жакынкы күндөрү —45 градуска чейин жетет экен. "Баурлар" ызгаарды биз менен бөлүшөйүн дегенби, айтор, жума ичи бизде да күн катуу суук болот экен

Күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна кулагандан кийин жеке ишкердин 2,5 тоннадан ашуун балыгы ууланып өлдү. Эсептей келгенде ал 950 миң сом чыгымга учураптыр. Кырсыктын кесептинен сууга 30 тонна бензин төгүлгөн. Бул окуя кандай коркунуч жаратат? Экологдор түшүндүрүп берди

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.30 (сатып алуу) жана 68.63 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00, ал эми газ 23.20 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Сырттагы суукка ичтеги жылуулук моюн бербесин!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0