Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кандай адамдар 15 миллион сомун үйүнө басып жатат?

© Sputnik / Табылды КадырбековМиллион сомдон ашык салыкты жашырып койгон ишкер жана ишкана аныкталды
Миллион сомдон ашык салыкты жашырып койгон ишкер жана ишкана аныкталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Үйүңүздөргө жылуулук, ишиңиздерде ийгилик болсун!

Кечээ ушул жаңылыкты окугандан кийин "кандай адамдар 15,4 миллион сом (222 миң доллар) акчаны жашап жаткан үйүнө сактайт?" деген суроо пайда болду. Билгендер болсо айтып коюңуздарчы. 15 миллион эмес 150 миң сом акча колуңа түшкөндө жада калса жакындарыңа да ишенбей карап, коркунуч менен жашап каласың го. Ошончо акчаны тапканды билгенден кийин сактоону үйрөнсө болмок экен. 29-декабрда Ош шаарында 32 жаштагы кишиге үйүнөн кол салып, тапанча такап, аялынын буту-колун байлап туруп 222 миң долларын карактап кеткендер кечээ колго түшкөн

Өлкөдө криминал күч алдыбы? Сузакта дагы 47 жаштагы аялдын үйүнө тапанча менен коркутуп акча жана алтын буюмдарын алып кеткен деп шектелгендер кармалды.

Жигитчиликке карата 7 "болбойт" Эрезеге жеткен эркектин эки түрү болот экен. Бири — эр жүрөк, бири — суу жүрөк. Суу жүрөк дегенге жогорудагыдай аялдарды, үй-бүлөсү менен отургандарды коркутуу жолу менен карактап жанын баккандар. Эр жүрөктөр жоо чабышта артында калдайып улуу күч турганда артка чегинбейт. Намысты колдон алдырбай, эл камын ойлойт. Анан жигит бир айткан сөзүнөн кайтпайт!

Саясий жаңылыктардан. Саясаттан кетем деген экс-президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрликке же Жогорку Кеңештин төрагалагына келеби? Кеп-сөздүн канчалык чындыгы бар?

Өкмөт парламентке айыл өкмөт жетекчилери менен шаар мэрлерин шайлаган мурдагы мыйзамды өзгөртүп, жаңы норманы сунуш кылды. Жаңы мыйзамдын жагдайы менен таанышыңыз.

Эсиңиздердеби? 2011-жылы Казакстандын Бишкек ТЭЦине 8,5 тонна жана Чүйдүн социалдык объектилерине деп 800 тоннадай көмүр ташып келинген. Кийин ал көмүрдүн радиоактивдүү экени аныкталып, адамдар уулана баштаган. Ошол көмүрдөн эми араң кутулуптурбуз

BMW X5 — 5,5 миң доллар. Кыргызстандагы эң ири унаа базарындагы баалар

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаповедник "Шумкар-Тор" в Кеминском районе
Заповедник Шумкар-Тор в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан
Заповедник "Шумкар-Тор" в Кеминском районе

"Шумкар-Төр" коругу аймактагы жан-жаныбарларды сактоо максатында беш жыл мурун ачылган. Корукту марал, элик, каман жана сейрек кездешкен канаттуулар байырлайт.

Кеминдин кайталангыс кооздугу. "Шумкар-Төр" коругундагы жашоо сүрөттө.

Кечээ белгилүү төкмө акын, КРдин Эл артисти, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиев 40 жашка толду. Көп кырдуу талант тууралуу 7 факты.

Бейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.37 (сатып алуу) жана 69.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күтүлбөгөн кырсык, карандай доомат алыс бололу!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0