Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Кырсыкка бүткөн ак учак, кыйратып кетти канчаны...

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет Airbus A330
Самолет Airbus A330 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Эли-журтубуз айттырбай келген алаамат, апааттан алыс болсун!

Туура бир жыл өттү. Бул күн бүтүндөй кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду. Бир күндө Дача СУ айылында жашаган 35 адамдын жана төрт экипаж мүчөсүнүн өмүрү кыйылды. Алардын ичинде төрөлбөй калган жаш балдар, бүтүндөй бир үй-бүлө мүчөлөрү бар эле. Балдар жетим калып, ата-эне чүрпөлөрүн аман алып калууга жетишпей калды. Жакындарын жоготкондордун баарына терең кайгыруу менен дагы бир жолу көңүл айтабыз! 

© Sputnik / Табылды КадырбековСооронбай Жээнбеков Дача Судагы кырсыктан жакындарын жоготкон балдар менен жолукту
Президент КР встретился с детьми потерявшими близких при крушении самолета в Дача-Су - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Дача Судагы кырсыктан жакындарын жоготкон балдар менен жолукту

Тирүүлөрдүн күнү өтө берет экен. Кечээ президентибиз Сооронбай Жээнбеков авиакырсыкта туугандарын жана жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту.

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Этият болбосо азыр жашоо өтө эле опурталдуу болуп баратат. Жол кырсыктарынын саны да өстү. "А" деп оозду жыйгыча Татыр — Бишкек унаа жолунда дагы бир жол кырсыгы катталды. Анда түндүк тарапты көздөй бара жаткан Honda Odyssey унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, сууга түшүп кеткен. Бактыга жараша, унаанын ичиндеги алты адам аман калган. Бирок ар кандай жаракаттарды алышкан.

Түркияда дагы бир учакты Кудай өзү чоң сактаптыр. Жүрөк үшүн алган окуя 13-январь күнү кечке жуук болгон. Анда Boeing 737-800 учагы аба майданга конуп жатып бурулууга аракет кылып, бирок күтүлбөгөн жерден учак конуу тилкесинен чыгып кетип, деңиз жээгиндеги жарга такалып токтогон. Авиалайнер ичиндеги жүргүнчүлөрдүн ызы-чууга түшкөн видеосун бул жактан көрүңүздөр.

Муз тепкенде да абайлагыла. Тоого үй-бүлөсү менен эс алып барып баллондон катуу жыгылган милиция кызматкери алган жаракаттан улам өзүнө келе албай Бишкекте каза болду

© Фото / Канат ДоргоевЫсык-Көлдүн чыгышына белге жеткен кар жаады. Сүрөттөр
Обильные осадки в селах Аксуйского района - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн чыгышына белге жеткен кар жаады. Сүрөттөр

Ысык-Көлдүн чыгышына болсо белге жеткен кар жаады. Ошол эле учурда аталган облустун айрым жерлеринде кар жок, капкара. Кышкы эс алууну жактыргандардын Караколго деле ушундай кар жаап берсе деп кыялданып жаткан кездери.

Залкарлардын элесин түбөлүк сактап калган Бекеш Абдылдаев тууралуу 7 фактыга көз чаптырыңыз. Баса, ал азыркы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин атасы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.25 (сатып алуу) жана 69.47 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Аманчылык эле болсунчу!

Узак өмүр каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0