Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Сапатсыз санариптен көрө Айтматовду окуюн дедим

Жазылуу
Кутман таңыңар менен! Тирүүлүктүн дагы бир күнү башталды.

Эки жумадан бери Айтматовдун чыгармаларын кайрадан окуп жатам. Негизги максат күнүмдүк, эртеси эле эскирип калчу жаңылыктарды жазып жатып жакырланган тилимди байытуу эле. Бирок башка толгон-токой "сюрприздерге" жолуктум. Жыйырма жашта окуган чыгармалар отуздан ашкандан кийин башка жагынан ачыла баштайт окшойт. Муңу да, сүйүнүчү да, сүйүүсү да, айтор, баары башкача…

Сапатсыз санарип. Китеп окуп отуруп үйдөгүлөрдүн "санарип тартпай калды…" деп нааразы болуп жатканын кулак чалды. Мындай даттануулар окурмандарда дагы көп болуп кеткендиктен тиешелүү органдарга байланышып көрдүк. Информациялык технологиялар жана байланыш комитетинен буга сапатсыз ресивер себепкер болуп жатканын айтышты

© Фото / пресс-служба ГРСБыйыл жалпы жарандык биометрикалык паспорт бериле баштайт. Эскиз
Начало производства биометрических загранпаспортов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Быйыл жалпы жарандык биометрикалык паспорт бериле баштайт. Эскиз

Биометрикалык паспорт. Ал ортодо Мамкаттоо кызматы быйылтан тарта жаңы жалпы жарандык (чет өлкөдө колдонулуучу) биометрикалык паспортторду бере баштарын айтып, документтин үлгүсүн көрсөттү. Кызыгы, үлгүдө бакыйган бир ката кетип калганы көрүндү эле, Мамкаттоонун маалымат катчысы ал атайын пиар ыкма болчу деп кутулду

Унааны каттатуу. Баса, Мамлекеттик каттоо кызматынан дагы бир жакшы кабар алдык. 2018-жылы айдоочулар темир тулпарын текейден арзан баага өзүнө каттатып алса болот экен.

Вундеркинд. Ошто жашаган эки жаштагы Умар дүйнөлүк географиялык картадан сураган өлкөнү көрсөтүп, желектерди таамай тааныйт. Анын видеосу социалдык тармактарда бир сутканын ичинде 15 миңден ашык көрүүчүнү топтоду.

Сакиш 50 жашта! Бул айымды Кыргызстанда тааныбаган адам жок болсо керек. Шакылдаган тамашакөй эжекебиз 50 жашка чыгыптыр. Куттуктайбыз!

Баса, Сахара чөлүнө жекшемби күнү эртең менен кар түштү. Африканын чөлүнө акыркы жолу 1979-жылдан бери биринчи жолу 2016-жылы кар жааган болчу.

Ал эми Кыргызстанда жылуу кыш. Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада абанын температурасы 5…7 градус нөлдөн жогору.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.15 (сатып алуу) жана 69.25 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.30 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жан дүйнөбүз эч качан жакырланбасын!

Аманчылык каалап, Бегимай Бакашева

Жаңылыктар түрмөгү
0