Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Башка планетадан келгендер кесиптешимди кокуйлатты

Жазылуу
Ошентип ит жылынын биринчи жумасын жашап койдук. Демек жаңы жылга койгон пландарыңызды аткарууга киришсеңиз болот. Эртең жасайм деп жүрүп жыл бүтүп кетпесин.

Адаттагыдай эле жумуш күнү. Күзөтчү редакциябызга эки аял келип журналисттерди сурап жатканын айтты. Алар менен сүйлөшүүгө кесиптешим Бегимай Бакашева чыгып кеткен. Жарым сааттан кийин же күлөрүн, же олуттуу кабыл аларын билбей бир башкача болуп кирип келди. Көрсө алар "биз адамга окшоп жүргөнүбүз менен башка планеталар менен байланышыбыз бар. Өзгөчө касиеттерге ээбиз. Жада калса Кыргызстанды да биз башкарып турабыз. Өзүбүз тууралуу элге айтышыбыз керек, бизге эфир бергиле" дептир. Ага макул болбогондой түр көрсөтсө "жакында эле бир телеканалдан эфир сурасак бербей койгон. Карагыла, эми жабылып калуу коркунучунда турат" деп сүр көрсөтүптүр. Аны уккан кесиптешим алардын интервью алмак тургай, иттен чыгарып коюуга араң жараптыр. Негизи биздин редакцияга баары келип, бир эле башка планеталык келгинде келе элек болчу. Эми биздин сайтка чыгып калган жаңылыктарды тизмектейли.

Кытайда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунда кыргызстандык Адилет Кыштакбеков 27 өлкөнүн жөө күлүктөрүнөн озуп чыккан. Аны менен жеңишке жетелеген эмгеги тууралуу маек курдук.

Ал күрөшкөнгө да, конок күтүп дасторкон жайганга да жетишет. Анан да агаларына жардам берип тракторго отуруп жер айдап коет. Эгер атаандашынын акырегин сындырып алса, ооруканага каттап абалын сурап турат. Кеп учурдун топ жарып жаткан балбан кызы Алтынай Мамарасул кызы тууралуу болууда.

Бажы кызматкери болом деп жүрүп кокустан актер болуп калган позитивдүү Жеңиш Майрамбек уулу менен кесиптешим Таалайгүл Усенбаева маек курду. Кызыгы ал үйдө да "образда" болбой калса, келинчеги башканы таап алдыңбы деп шекший баштайт экен. 

Түпкү мекенге келүү, изги тилектер, билим алуу, сүйүүсү жана калыңы. Памирлик боордоштордун ымандай сыры

Эгиз кыздарга үйлөнгөн эгиздер балдар. Алардын өзгөчө жашоосу кызык болуп жатса бул жакка баш багыңыз.

Келиндер кыжырды кайнатканда. Келиндер түркүн жоругу менен жаныңызды кашайтты беле?..

Кечээ таңда Ысык-Көлдө саясатчы Өмүрбек Бабановдун бир тууганыкы делген ресторан өрттөнүп кетти. Жабылануучу тарап имаратты кылмышкерлер жардырып жиберген деп болжолдошууда.

Бүгүн айрым райондордо кар жаашы күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.87 (сатып алуу) жана 69.19 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшылыктан үмүт үзбөйлү!

Амандыгыңызды тилеп Эламан карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0