Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Эр издеген казак кыздын икаясы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКосмическое явление - суперлуние
Космическое явление - суперлуние - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, туугандар! Күнүбүз жагымдуу жаңылыктар менен коштолсун!

Жүрөгү тоо кыз экен. Жанагы Instagram жылдызы казакстандык Айжан Байзакова деген немеге, анан казак мырзаларына таң бердим. Кокус кыргыз кыздарынын арасынан бирөө жарым ошентип чыга калса, биздин "патриот" жигиттерибиз анын айласын алты кетирмек. Бул кыздын амбициясы да айды чапчыйт экен, абактан чыгып алып эми уялбай "мага эр издегиле" дептир. Айжан, эсиң барда этегиңди жыйсаңчы!

Мырзалар, ар кимге кызыгып жүрө бербей убагында үйлөнгүлө! Өтө кеч калсаңар да кесепети жаман экен. Эрте же кеч үйлөнсө эмне болорун дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев айтып берди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мугалим, дарыгер болгусу келген кыздар көп экен. Туура, абийириң төгүлүп интернет жылдызы болгончо жөнөкөй эле мугалим болгон оң.

Колу билген Кубаныч. Кыргызстанда өткөн WEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондор тагынган курлар чет өлкөлөрдөн жасалып келбейт, алар кыргыздын эле уулу Кубаныч Аманбековдун колунан жаралат. Спортко чукул, жөнөкөй мырза менен кабарчыбыз Гүлдана Талантбекова маектешкен. 

Толкундатат! III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы алдыда боло турган этноспорттук иш-чарага арналган видеону жарыялады. Аны көрүп бир толкунданып алдык.

Жылдын жакшы жаңылыгы. 1-январдан тарта жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн 4000 сом өлчөмүндө сүйүнчү пул төлөнө баштады. Көп эмес экен, бирок ушуга да шүгүр. Аман-эсен көз жарып алган айымдар тийиштүү документтерди топтоп балаңыздын энчисин алып коюңуз. Бир жерине огожо болоор. 

Эскертүү! Милиция кызматкерлерибиз жаңы форма менен кызматка чыга баштады. Жаңы форманы жакшылап жаттап алыңыз, милициянын кийими башкача болчу деп кылтакка илинип калып жүрбөңүз.

Канат Исаевге сот өкүмүн чыгарды. 12 жыл…

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.79 (сатып алуу) жана 69.15 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста!

Жакшылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0