Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Акаев Москвадан үн катты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВ Омске выпал первый снег
В Омске выпал первый снег - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман күнүңүз менен, мекендеш. Түндөн түгөл чыктыңызбы?

Ай артынан ай өтүп, жыл артынан жыл өтүп… Бүгүн быйылкы 2017-жылдын акыркы иш күнү, жума… Эки күн калды. Бир жашка улгайып, бир жашка чоңоюп, бир жашка акыл кошконуңузду сезип жатасызбы. Узап бараткан жыл ар кыл окуяларга бай болду, жоготуулар муңайтты, жакшылыктар маңдай жара кубантты. Ошентип 2017-жылды жыйынтыктап жатабыз. Жакшы бар, жакшынакай 2017!

Саламатсыңбы, 2018-жыл. Сенден жакшылыктарды, аманчылыкты, саламаттыкты, бейкуттукту күтөбүз! Жакшы келип ал! 

Жаңы жыл майрамынын илеби сезилип, кечээ жаңы президент бөбөктөр менен жолугуп, окуучуларды куттуктады. Жээнбеков аларга "айланайын кыздарым, балдарым, кичинекей досторум" деп кайрылды.

Бул иш-чара тууралуу сүрөт ирмемдер көптөрдүн көзүнө түшүп, кызыгуусун арттырды. Кыргызстандыктар кызыгуу менен улам-улам караган – Кыргызстандын биринчи ханайымы болду.

Эл ага кызыгып бүтө электе экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жыл тууралуу ыры жарык көрдү.

Дагы экс-президент Аскар Акаев да кечээ үн катты. "Мен муну талкуулай албайм, ал тууралуу сөз кылгым келген жок". Кеп төркүнү декабрдын башында болгон Берлиндеги инцидент, ыргытылган жумуртка тууралуу болуп жатат. 

Майрамдык маанайдан алыстай албай, кайра эле жаңы жылдык корпоративдерге, андагы ырчы-чоорчуларга кайрылалы дедик. Кайсы ырчы канча сомго келип ырдап берет.

Жаңы жылдын алдында абайлаңыз, жолдор жылгаяк болуп, колу-бутун сындыргандар арбып жатыптыр.

16 гектар!!! Геологдор менен тоо кен өнөр жайчылар ассоциациясы "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгүн узартуу зарылдыгы айтылган билдирүү таратты.

Жадыраган күн. Бүгүн аба ырайы чыкыроон тартканы менен күн жадырап ачык болот. Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп 5…6 градуска жылыйт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.88 (сатып алуу) жана 69.18 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.

Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун! 2018-жылы аманчылыкта жүз көрүшөлү. Урматым менен, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0