Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Байге коюп бийкечтерди дырдай жылаңачтап...

Жазылуу
"Жаңы жылга аз калды, жалбырактан кар киши жасайбызбы" деп жаткандардын үнү кудайга жетти окшойт. Минтип лапылдатып кар жаап, айлананы акка бөлөп койду. Бул кооздук таң эрте маанайды көтөрдү!

Негизи мен кечээ "Бурадар" жазайын дегем, кашайып уктап калып жумушка кечигүү менен келдим. Анан "Сантам" шоколад, айран, кызыл суусундук (анын атын жазсам жарнама болуп калат) таштап кетип кубандырды. Ал эми Instagram баракчама хаккерлер чабул койдубу билбейм, эмнегедир жабылып соцтармактан кумга сиңген суудай жоголуп кетти. Ошо… Мендеги жаңылыктар ушундай.

Соцтармак демекчи казакстандык Instagram жылдызы Айжан Байзакова түнкү клубда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөрө коём деп түрмөгө отуруп калды. Ал кыздар дагы ою жок экен, 50 миң теңге (болжол менен 10 400 сом) үчүн дырдай жылаңач болуп чечинишиптир.

Бул го мейли. Казакстандын мамлекеттик кызматкерлеринин да аккаунтунан эротикалык мүнөздөгү сүрөт, видеолор табылып жатыптыр.

Жакында эле Кыргызстанда дагы ушул сыяктуу окуя элди дүрбөлөң кылды. Кокуй, кайсы кыз жылаңачтанып байге алыптыр дебегеңиздер! Итке калпак кийгизип модага алып чыккан окуяны айтып жатам. Кечээ ошол иш-чаранын уюштуруучулары чекилик кетиргенин моюндап, элден кечирим сурашты

Памирден келген Ширинбү стилин өзгөртүп жер чийген көйнөк жана шиш така кийип, апакай жоолук салынды.

Бишкектеги жардыруу, Германияга сатылган 55 тонна жез. Мындан 25 жыл мурун декабрь айында селт эттирген окуялар.

Балатылар таймашы. Өлкө аймагындагы шаарлар бир топ акча сарптап, калаа ортосуна бийик балатыларды орнотушту. Кээ бир шаарлар жасалма балаты сатып алышса, башкалары өздөрү тоодон кыйып түшүшкөн. Кайсынысы кооз экен баамдап көрүңүз

Бишкек шаарындагы "Мадина" базарынын жанына жөө адамдар үчүн жер үстүнө өтмөк салынды. Эми жөө жүрүүчүлөр менен айдоочулар кагышпай калса дейли.

Кар кайра эрип кетпейби? Синоптиктер эмне дейт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.13 (сатып алуу) жана 69.38 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ак кар аруулукту алып келсин!

Жагымдуу маанай каалап Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0