Жаңы иш жумада аба ырайы дагы кайдыгер калтырбайт. Жаратылыштын ар бир күнү өзгөчө демекчи апта башына алынган аба ырайы менен бул жактан таанышыңыз.
Мына, саналуу күндөрдөн кийин жаңы жылга кирип барабыз. Эски жылдын аркыркы күнү кандай аба ырайы күтүп турганы кыргызстандыктар үчүн абдан маанилүү. Себеби 31-декабрда эски жыл менен коштошуп, босогодо турган жаңы жылды тосуп алабыз. Ии, баса, синоптиктер жаңы жылды бишкектиктер кары жок тосуп алышы толук мүмкүн деп жатышат.
Өтүп бараткан жылга саресеп салып, ким эмне кылды деген суроого жооп тапканга аракет кылабыз да. Негизи эле атактуулардын баскан турганы, жасаган жоруктары дайыма коомчулуктун көңүл чордонунда болуп келери бышык. 2017-жылы жалгыз болбой жуп болуп, Кудай алдында никесин чыңдап алгандар көп болду. Кайсы атактуу кимге баш кошуп, турмуш жолуна чогуу аттанганын бул жактан көрүңүз.
Ар бир адистиктин башкаларга байкалбаган оорчулугу бар. Бирок аны алардан башка эч ким билбейт. Бул жолу калкты тейлөө борборунда иштегендердин кыжырын келтирген 5 учурду тизмектеп көрдүк. Сиз да алардын жинине тийип алтырсызбы?
Аял дебе, аял — эне, аял — ишкер… Жамиля Турдакунованын баскан жолу туурасында жакшы бир Голливуд тасмасын тартууга болот. Ал кантип ишкердик менен алектенип калганын төкпөй-чачпай айтып берди.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.31 (сатып алуу) жана 69.57 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Иштеген тиштейт дегендей баштаган ишиңиздин майын чыгарыңыз. Расул Үсөналиев.